Жаңылыктар
Аукциондун экинчи этабынын жеңүүчүлөрү менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө лотторду куруу иштерине байланышкан негизги маселелер кеңири талкууланды. Катышуучулар техникалык жагдайлардан тартып, долбоорлорду ишке ашыруунун уюштуруу этаптарына чейин өздөрүн кызыктырган бардык суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
«Ала-Тоо Резорттун» жетекчилиги ар бир катышуучуга кеңири жооп берип, алдыдагы кадамдарды белгилеп, бардык этаптарда ачык жана түшүнүктүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк...Хан-Теңир айыл аймагынын тургундарына «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагындагы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды
«Ала-Тоо Резорт» ААКы Айыл чарба министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, тиешелүү мекемелердин, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңир айыл аймагынын тургундары менен көчмө жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда төрт мезгилдүү тоо кластеринин долбоорунун алкагында ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Ала-Тоо Резорт» долбоору мамлекеттик мааниге ээ экени жана аймактын өнүгүүсүнө негизги түрткү болоору белгиленди. Министрликтердин, банктардын жана фонддордун өкүлдөрү курорттун өнүгүшү менен байланышкан жергиликтүү тургундар үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.
Кененирээк...«Ала-Тоо Резорт» дипломатиялык миссияларга тааныштырылды
«Ала-Тоо Резорт» ААКы 30дан ашуун жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана активисттери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда негизги көңүл «Ала-Тоо Резорт» долбооруна бурулуп, катышуучуларга курорттун кандай өнүгөрү, учурда жүргүзүлүп жаткан иштер жана бизнес үчүн ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жер тилкелерин сатуу боюнча аукциондун экинчи этабына катышуу мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү.
Кененирээк...«Ала-Тоо Резорт» дипломатиялык миссияларга тааныштырылды
«Ала-Тоо Резорт» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Анын алкагында төрт мезгилдүү тоо кластеринин долбоорун ишке ашыруунун негизги багыттары тааныштырылды.
Жолугушууда чет өлкөлүк өнөктөштөр долбоордун концепциясы, масштабы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Эл аралык бизнестин катышуусу жана чет элдик инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттарга өзгөчө көңүл бурулду.
Кененирээк...Жыргалаңда «Ала-Тоо Резорт» асма аркан жолунун адистерин окутуу башталды
Жыргалаң курорттук шаарчасында «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун асма аркан жолунда иштей турган 20 адисти окутуу башталды. Алар буга чейин өткөн конкурстук тандоонун бардык этаптарынан ийгиликтүү өтүшкөн.
Биринчи күнү катышуучулар коопсуздук каражаттары менен камсыздалып, асма аркан жолунун төмөнкү, орто жана жогорку станциялары менен жеринде таанышышты. Адистер аларга жалпы системанын түзүлүшүн жана негизги бөлүктөрүн көрсөтүштү.
Кененирээк...Бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Соода-ѳнѳр жай палатасында «Ала-Тоо Резорт» долбоору жана аукцион лоттору тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасында «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында өткөрүлө турган аукциондун экинчи этабына кызыккан жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жаткан төрт мезгилдүү тоо кластеринин долбоору кеңири тааныштырылды. Долбоор мамлекеттик мааниге ээ экени, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана жеке көзөмөлү алдында ишке ашып жатканы өзгөчө белгиленди.
Кененирээк...Кыргызстан калкынын ассамблеясынын өкүлдөрү «Ала-Тоо Резорт» долбоорун жогору баалашты
«Ала-Тоо Резорт» ААК Кыргызстан калкынын Ассамблеясына караштуу этностук коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Ала-Тоо Резорт» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов төрт мезгилдүү тоо кластеринин долбоорун тааныштырып, ошондой эле жер тилкелерин сатуу боюнча аукциондун экинчи этабы тууралуу кеңири маалымат берди.
Кененирээк...«Ала-Тоо Резорт» ААК эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө
«Ала-Тоо Резорт» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов Франциянын Montagne et Neige Développement (MND) компаниясынын президенти Ксавье Галло-Лавалле менен жолугушту. MND — тоо-лыжа курорттору үчүн технологиялар жана инфраструктуралык чечимдер жаатындагы дүйнөлүк лидерлердин бири.
Жолугушууда Жаркынбек Максутов француз тарапка «Ала-Тоо Резорт» аттуу төрт мезгилдүү тоо кластеринин долбоорун тааныштырып, анын багыты, масштабы жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле заманбап туристтик инфраструктураны түзүү, инженердик чечимдерди киргизүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана курорттун туруктуу иштеши боюнча маселелер талкууланды.
Кененирээк...“Ала-Тоо Резорт” дүйнөлүк инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат
30-март күнү «Ала-Тоо Резорт» ААК видеоконференция форматында онлайн жолугушуу өткөрүп, анда жыл бою иштей турган тоо-туризм кластери долбоору жана жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы боюнча презентация жасалды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилери катышты. Долбоор жана анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу «Ала-Тоо Резорт» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кеңири маалымат берди. Ал өз сөзүндө курорттук кластерди өнүктүрүүнүн негизги багыттарын түшүндүрүп, долбоордун учурдагы ишке ашырылып жаткан этаптары тууралуу айтып берди, ошондой эле инвесторлор үчүн ачылган мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө токтолду.
Кененирээк...Жумуш орундарга тандоо жыйынтыкталды
«Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому Жыргалаң тилкесинде жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» жыл бою иштеген тоо-туристтик кластеринде иштөө үчүн кызматкерлерди тандоо боюнча конкурс жыйынтыкталганын билдирет.
Бош жумуш орундары боюнча конкурс 2026-жылдын 20-февралында жарыяланган. Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 15-мартына чейин жүргүзүлгөн.
Кененирээк...«Ала-Тоо Резорт: Аукциондун экинчи этабы башталды!»
«Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында курулуп жаткан «Ала-Тоо Резорт» ири курорттук комплекстин алгачкы этабында курула турган объектилердин жер участоктору боюнча аукциондун экинчи этабын жарыялады.
Аукциондо курулушу жүрүп жаткан «Жыргалаң» курортунун шаарчасы жайгаша турган аймактагы курортту өнүктүрүү үчүн зарыл болгон туристтик жана инфраструктуралык объекттерди камтыган 36 лот коюлду. Бул жерге 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно шаарча, ресторандар, кафелер жана башка коммерциялык объектилер курулат.
Кененирээк...«Ала-тоо резорт» адистери алтайдын атактуу «Манжерок» курортунда окуудан өтүшөт
«Ала-Тоо Резорт» ААКы тоо лыжа инфратүзүмүн өнүктүрүүдө дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды колдонууну улантууда.
Болочокто Борбор Азиядагы эң ири жыл бою иштей турган тоо лыжа курорту үчүн адистерди даярдоо максатында, компания атайын адистер тобун практикалык окутууга Алтай Республикасына (РФ) — дүйнөгө таанымал «Манжерок» курортуна жиберди. Бул курорт Евразиядагы алдыңкы лыжа туризм борборлорунун бири болуп саналат.
Кененирээк...«Ала-Тоо Резорт» ААК Doppelmayr менен жаңы келишим түздү
«Ала-Тоо Резорт» Ачык акционердик коому жана Doppelmayr компаниясы Жыргалан курортунда дагы төрт асма аркан жол куруу боюнча жаңы келишимге кол коюшту. Документке Doppelmayr компаниясынын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүм башчысы Валерий Яшин жана «Ала-Тоо Резорт» ААК башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду.
Бул келишим Ысык-Көл облусунда заманбап тоо-лыжа курортун куруу боюнча ири долбоордун уландысы болуп саналат. Өткөн жылы эки негизги магистралдык асма аркан жол куруу боюнча алгачкы келишим түзүлгөн. Учурда ал иштер жүрүп жатат. Ал асма аркан жолдор ушул жылдын май айында пайдаланууга берилери пландалууда.
Кененирээк...«Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерине кызматкерлер кабыл алынат
Ачык акционердик коом «Ала-Тоо Резорт» ААК Жыргалан участогунда иштөө үчүн кызматкерлерди конкурстук негизде кабыл аларын жарыялайт. Конкурстан өткөн талапкерлер атайын окуу курсун аяктап, стажировкадан өтүшөт.
Ачык вакансиялар
Конкурстун алкагында төмөнкү кызмат орундар ачык:
🔹- Асма аркан жолунун начальниги — 1 орун;
🔹- Машинист-оператор — 12 орун;
🔹- Слесарь-обходчик — 3 орун;
🔹- Электронщик — 3 орун;
🔹- Механик-гидравлик — 3 орун.
Президент Садыр Жапаров жана Binance эл аралык криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Жыргалаңга барышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында ири эл аралык Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен бирге Жыргалаңга барды.
Алгач Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекстин аймагын көрүп чыгышты. Андан соң Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын бириктирген “Ала-Тоо Резорт” бардык мезгилге ылайыкталган тоо лыжа кластеринин курулушу менен таанышышты.
Кененирээк...
Бардык иштерди өз убагында аткаруу - «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруудагы негизги артыкчылык
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси Азамат Кадыралиевдин протоколдук тапшырмаларын өз убагында аткаруу максатында «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ишке ашыруунун этаптары боюнча онлайн-кеңешме өткөрүлдү.
Онлайн-кеңешмеге «Ала-Тоо Резорт» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, транспорт, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика министрликтеринин жана «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы эми, 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар ачык акционердик коом катары расмий иш алып барууга өттү.
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы Ачык акционердик коомго (ААК) айлануу процессин расмий түрдө аяктады. Бардык юридикалык жана каттоо жол-жоболору толук аткарылып, коом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өттү.
Кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык жүргүзүлүп, «Ала-Тоо Резорт» бардык мезгилде иштей турган тоо-туризм кластерин түзүү боюнча стратегиялык долбоорду ыкчам ишке ашырууга багытталган.
Кененирээк...
«Ала-Тоо» ААК: коопсуздук – эң башкы приоритет
Австриялык SkiMIS консалтинг компаниясынын жетекчиси, тоо лыжа туризминин дүйнөлүк эксперти Маттиас Шмид «Ала-Тоо Резорт» курортунын курулуш аянтында болуп, долбоордун жүрүшү менен таанышты.
Визиттин жүрүшүндө эксперт келечектеги курорттун аймагын карап чыгып, ландшафтты, трассалардын жайгашуусун жана негизги инфраструктуралык аймактарды баалады. Ал ошондой эле курулуп жаткан аркан жолдун абалын көрүп, тоонун башына көтөрүлүп, трассаларды курулушун карап, лыжа тепти. Маттиас Шмид Жыргалан тоосунун кооздугуна таң калганын жана курорттун чоң потенциалы бар экенин белгиледи. Эксперттин айтымында, биринчи кезекте курулуучу жаңы подъёмник аймагындагы башталгыч лыжа трассасы өзгөчө перспективдүү көрүнөт.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» ААК жана Magic Trading Company LTD кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
«Ала-Тоо Резорт» ААК жана Кытай Эл Республикасынан келген Magic Trading Company LTD компаниясы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Бул документ Кыргыз Республикасында туристтик жана тоо-лыжа инфраструктурасын санариптештирүү багытында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Меморандумдун алкагында тараптар тажрыйба алмашууну, ошондой эле тоо-лыжа курорттору үчүн заманбап санариптик чечимдерди биргелешип иштеп чыгууну макулдашты.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов Дүйнөлүк банктын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Мамлекет жана мамлекет башчысы Садыр Жапаров колдоого алган “Ала-Тоo Резорт” тоо-лыжа курорту тууралуу кенен маалымат берген Ж.Максутов, ири курорт жайгашкан аймактын жана долбоордун уникалдуулугун айтып берди. Кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү даярдалган башкы пландын өзгөчөлүгүнө токтолуп, асма аркан жолдун курулушу тууралуу бир катар суроолорго жооп алышты.
“Ала-Тоо Резорт” долбоору Борбор Азиядагы эң ири тоо-лыжа жана эс алуу комплекстеринин бири катары пландалып, региондогу туризмди өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталгандыктан, Тодор Милчевски апта соңунда курорт курулуп жаткан аймакты жеринен барып көрмөй болду.
Кененирээк...
“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы Кыргызстандагы кышкы спорттун түрлөрү боюнча бирикмелер менен чогуу иш алып барат.
Лыжа спорту боюнча федерациясынын, Спорттун кышкы түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын инструкторлор ассоциациясынын жана Биатлон Федерациясынын өкүлдөрү, ошондой эле Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушуу болду. Башкы максат Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук зонага инструктор, куткаруучу сыяктуу адистерди даярдоо жана башка инфратүзүмдүк өнүгүүлөр боюнча биргелешип иш алып баруу.
Алгач ишкананын директору Жаркынбек Максутов мамлекеттик макамга ээ болуп, мамлекет башчысынын көзөмөлү жана тапшырмасы менен курулушу башталган “Ала-Тоо Резорт” курортунун долбоору менен тааныштырып, 3 этап менен ишке ашырыла турган шаарчалар жана андагы лыжа трассалары боюнча толук маалымат берди.
Кененирээк...
Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештер “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик долбооруна инвестор болууга кызыктар.
2025-жылкы курултайга келген мекендештердин “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасына келгенинин себеби да ошол. Долбоор тууралуу кенен маалымат алышкан делегаттар, жакынкы күндөрү боло турган аукциондун экинчи этабына катышууга ынтызарлыгын билдиришти. Мамлекет башчы Садыр Жапаров белгилеп келгендей, ушул тапта мигранттардын ишмердүүлүгү Кыргызстанда маанилүү социалдык, экономикалык жана маданий долбоорлордун ишке ашуусуна өбөлгө түзүп келет.
Дал ушул жагдайды эске салган “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов, дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, иштеп үй-бүлөсү менен жакындарына эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын колдоого баа жеткис салым кошуп келаткан мекендештерге ыраазычылык билдирди.
Кененирээк...
2026-жылдын 15-16-17- январь күндөрү “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге, фрирайд боюнча турнир өткөрөт
М15-январь күнү даярдык катары Каракол лыжа базасында ар кандай машыгуулар жана коопсуздук боюнча окуутуулар өтөт. Ал эми 16-январь күнкү негизги мелдеш “Ала-Тоо Резорт” баардык сезондуу курорт курулуп жаткан аймакта болот.
Турнирге Кыргызстандык өкүлдөр менен катар эле 20 га чукул мамлекеттен келген лыжа сүйүүчүлөр: жаңы үйрөнчүктөр, кесипкөй лыжачылар жана аялдар арасында категорияларында күч сынашат.
Кененирээк...
“Ала – Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы эн белгисин (логотип) өзгөрттү.
Маалымдалгандай ноябрь айында ишкана Кыргызстандын улуттук маданий жана табияттык баалуулуктарын, тоолордун рухун, Ысык-Көлдүн тазалыгын, туруктуу туризм концепциясын таасирдүү чагылдырган логотип иштеп чыгууга конкурс жарыялаган. Ага сүрөтчүлөр, архитекторлор, дизайн-студияларды кошкондо 10 дон ашык кесипкөй дизайнерлер катышып, жыйынтыгында Байбеков Алишер сунуштаган логотип жактырылды.
Кененирээк...
“Ала-Тоо Резорт” курортундагы асма аркан жолду куруу иштеринде колдонулуп жаткан бетондордун сапаты текшерилди.
Коңшу мамлекеттен келген курулуш компаниялардын өкүлдөрү Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев жана “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов менен биргеликте, курорт курула турган аймакты жеринен барып көрүштү.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси, мамлекеттин колдоосу менен курулушу башталган Борбор Азияда ири курортко барчу жолдор салынып, ошондой эле асма аркан жолдун, таза суу объектилеринин курулушу да кызуу жүрүп жатканын көрүшкөн инвесторлор, алдыда боло турган “Жыргалаң” шаарчасы курулуп жаткан жер тилкелерине аукциондун экинчи этабына катышуу ниетин билдиришти.
Кененирээк...
“Ала-Тоо Резорт” курортундагы асма аркан жолду куруу иштеринде колдонулуп жаткан бетондордун сапаты текшерилди.
“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы тарабынан коюлган талаптарга ылайыл, Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында “Ала-Тоо Резорт” курорту курулуп жаткан жерге барышты.
Анда адистер асма аркан жолдун курулушуна колдонулуп жаткан бетонду ар тараптан тиешелүү сыноодон өткөрүп, текшерип чыкты.
Кененирээк...
“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы Австриялык SkiMIS компаниясы менен кызмат көрсөтүү келишимине кол койду.
“Ала-Тоo Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов менен тоо-лыжа курортунун долбооруна консалтинг кызматтарын көрсөтүү келишимине кол койгон Маттиас Шмид - Альп тоолорунда, Скандинавияда, Жаңы Зеландияда жана Чыгыш Европадагы алдыңкы тоо-лыжа курортторун башкарууда жана иштетүүдө 20 жылдан ашык тажрыйбага ээ болгон SkiMIS компаниясынын директору.
Заманбап кышкы туристтик дестинацияларды өнүктүрүү жана натыйжалуу иштетүү үчүн жеке консалтинг кызматтарын аткарып келген компания эми бир жыл бою Борбор Азиядагы ири курортто трассалардын, подъёмниктердин, кар жабдуу системаларынын, кар тазалоо, кар көчкү коркунучун көзөмөлдөө жана лыжа мектеби, кирүү-чыгуу системалары сыяктуу зарыл болгон бардык курулуш кызматтарды уюштурат.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» курорту курулуп жаткан аймакта, Жыргаландын эң чокусуна чейин электр чубалгылары тартылды.
Ошол эле учурда, асма жолду, таза суу объектисин жана автомобиль жолун куруу иштери пландуу режимде уланууда.
Кененирээк...
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик маанидеги долбоор – «Ала-Тоо Резорт» бардык мезгилдеги тоо кластеринин расмий логотибин иштеп чыгуу боюнча ачык сынак жарыялайт.
Сынактын максаты – Кыргызстандын жаратылыш жана маданий байлыгын, тоо чокуларынын
рухун, Ысык-Көлдүн тазалыгын, туруктуу туризм концепциясын, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын улуттук символу – ак илбирсти чагылдырган заманбап, көрктүү жана эсте
каларлык визуалдык символду түзүү.
Сынакка Кыргыз Республикасынын дизайнерлери, сүрөтчүлөрү, архитекторлору, студенттери,
кесипкөй дизайн студиялары жана чыгармачыл бирикмелери чакырылат.
Эң мыкты эмгек мамлекеттик маанидеги «Ала-Тоо Резорт» бардык мезгилдеги тоо
кластери долбоорунун расмий логотиби болуп калат жана бренддин визуалдык коммуникациясынын
бардык формаларында колдонулат. Жеңүүчүнү акчалай сыйлык жана символдун автору катары
расмий таануу күтөт. Ошондой эле сынактын жеңүүчүсү менен фирмалык брендбукту жана
бренддин айдентикасын иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлүшү мүмкүн.
Кененирээк...
Кыргызстан менен Австрияны бириктирген тоо ландшафттары
Кыргызстан менен Австрияны бириктирген тоо ландшафттары акыркы жылдары экология,
тоо-кен өнөр жайы, тоо туризми, спорт жана альпинизм тармактарында туруктуу өнүгүү
демилгелерин биргелешип ишке ашырууга негиз болуп калды.
Бул тажрыйбаны тереңирээк изилдөө максатында, Кыргызстандан Президенттин
Администрациясынын Жетекчисинин орун басары — Президенттин жана Министрлер Кабинетинин
чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев баштаган делегация Австрияга
барды.
Иш сапардын жүрүшүндө Doppelmayr/Garaventa Group компаниясынын башкармалыгынын
төрагасы Михаэль Доппельмайер менен жолугушуу болуп, анда Ысык-Көл облусундагы «Ала-Тоо
Резорт» тоо-лыжа кластеринде асма жол куруу долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» курорту тууралуу макала эл аралык Travel + Leisure басылмасында жарыяланат
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов дүйнөгө
таанымал америкалык Travel + Leisure журналынын Борбордук Азия боюнча башкы редактору
Барно Икрамова менен жолугушту.
1937-жылы негизделген Travel + Leisure журналы туризм индустриясындагы эң абройлуу
басылмалардын бири болуп саналат. Анын баракчаларында эксклюзивдүү репортаждар – люкс
курорттордон тарта дүйнөнүн жашыруун берметтерине чейин жарыяланат.
Жакынкы ноябрь айындагы санында журнал Кыргызстанда мамлекеттик маанидеги статуска
ээ болгон «Ала-Тоо Резорт» курорту тууралуу материал даярдоону пландаштырууда.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы ондон ашык ратрак операторлорун Алтай Республикасындагы «Манжерок» курортуна окууга жиберди.
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутовдун демилгеси
менен жана «Манжерок» курортунун жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында
тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул макулдашуунун алкагында, ачык жарыя
жана маектешүүнүн жыйынтыгында тандалып алынган адистер Алтайда кар баскан жолдорду жана
тоо лыжа трассаларын даярдоо үчүн колдонулуучу ратрак-техниканы башкаруу боюнча окуудан
өтүшүүдө.
Биринчи этапта алар кар тракторлорун башкаруунун теориялык негиздерин үйрөнүшөт. Кийинки
жылдын февраль айында топ практикалык окууга жөнөтүлөт, анда катышуучулар техниканы
башкарууну жана лыжа трассаларын даярдоо процессин өздөштүрүшөт.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы акционердик коом болду. Компания себебин атады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 6-октябрында «Мамлекеттик
маанидеги «Ала-Тоо Резорт» бардык мезгилдеги тоо кластери» долбоорун ишке ашыруунун айрым
маселелери жөнүндө» № 638 токтомун бекитти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Тоо Резорт»
мамлекеттик ишканасы 100% акциясы мамлекеттин менчигинде калуу менен ачык акционердик
коомго (ААК) кайра түзүлөт. Жаңы ААК мамлекеттик ишкананын бардык укуктары жана
милдеттенмелери боюнча укук мураскери болот.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов австриялык SKIDATA компаниясынын вице-президенти Джеймс Тоал менен жолугушту.
Автоматташтырылган кирүү жана төлөм системаларын иштеп чыгууга жана жабдууга
адистешкен чет элдик компания дүйнө жүзү боюнча соода борборлорунда, аэропорттордо,
ооруканаларда, эс алуу жайларында жана унаа токтотуучу жайларда турникеттерди жана
билеттерди көзөмөлдөө системаларын орнотот.
Джеймс Тоал «Жыргалан», «Ак-Булак» жана «Боз-Учук» негизги курортторун камтыган долбоордун
инфраструктурасы менен таанышып чыгып, компаниянын курорттун бардык объектилерине кирүү
жана көзөмөлдөө системасын орнотууга кызыкдар экендигин билдирди.
Кененирээк...
Ири түрк компаниялары «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушуна кызыгышты.
Бир нече тармакта иштеген дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын ээси Эмрах Далкая
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов менен жолугушту.
Эмрах Далкая Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында курулушу башталган
ири курорттук долбоор тууралуу октябрь айынын башында Стамбулда өткөн кыргыз-түрк
ишкерлеринин көчмө жыйынында угуп, атайын Кыргызстанга келген.
Ж. Максутов «Ала-Тоо Резорт» долбоору тууралуу кеңири айтып берип, Борбордук Азиядагы эң
ири тоо лыжа кластерин түзүү боюнча амбициялуу демилгени түшүндүрдү. Э. Далкая Түркия
дүйнөдөгү эң ыңгайлуу эс алуу өлкөлөрүнүн бири болгонуна карабастан, өлкөдө мындай
масштабдагы курорт азырынча курула электигин белгиледи. Ал дүйнөнүн төрт бурчунан
туристтерди тартууга жана тоо лыжа туризминин маанилүү борбору болууга потенциалы бар
«Ала-Тоо Резорт» долбоору түрк ишкерлерине көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Кененирээк...
Стамбулдагы жолугушууда «Ала-Тоо Резорт» курорту талкууланды.
Түркиянын борборунда кыргыз-түрк ишкерлеринин көчмө жыйыны болуп өттү, ага
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов катышты. Эки өлкөнүн
алдыңкы курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышкан иш-чарада Борбордук Азиядагы эң ири
туристтик комплекстердин бири болууга тийиш болгон «Ала-Тоо Резорт» курортунун кеңири бет
ачары өткөрүлдү.
Жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор үч этаптан турган долбоорго кызыгуусун билдиришип,
туристтик потенциалы чоң болгон тоо лыжа кластерин ишке ашыруу боюнча биргелешкен
кадамдардын зарылдыгын баса белгилешти.
Кененирээк...
Эл аралык Lazard финансылык компаниясы мамлекеттик ири долбоор «Ала-Тоо Резортко» колдоо көрсөтүү боюнча консалтингдик кызматтарды көрсөтүүгө кызыгуусун билдирди.
Бул тууралуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек
Максутовдун француздук Lazard компаниясынын өкүлү Жиль Костерус менен жолугушуусунда
айтылды. Иш-чаранын жүрүшүндө долбоор тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, андан кийин
Борбордук Азиядагы эң ири, тоо лыжа туризминин маанилүү борбору болууга жана дүйнө жүзүнөн
туристтерди тартууга потенциалы бар курорт тууралуу толук маалымат берилди.
Өз кезегинде Lazard компаниясынын башкы кеңешчиси жана Борбордук жана Чыгыш Европа,
ошондой эле КМШ өлкөлөрү боюнча куратору Жиль Костерус долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн
туризмин жана экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин баса
белгиледи.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы Алтай Республикасындагы «Манжерок» курорту менен тажрыйба алмашат.
Ишкананын директору Жаркынбек Максутов «Манжерок» курортунун башкаруучусунун орун
басары Валерий Ефремов менен видео жолугушуу өткөрүп, анда октябрь айынын аягында 10
адисти (ратракчыларды) Алтай Республикасына окууга жөнөтүү маселесин талкуулашты.
Буга чейин «Ала-Тоо Резорт» лыжа трассаларын даярдаган техниканы башкаруу боюнча адистерди
– ратракчыларды – тажрыйба алмашуу программасына катышуу үчүн сынак жарыялайт. Биринчи
этапта адистер техниканы башкаруу боюнча теориялык окуудан өтүшөт, ал эми 2026-жылдын
февраль айында өтүүчү экинчи этапта алар техниканы эксплуатациялоо жана лыжа трассаларын
даярдоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы курорттогу бардык объектилер дүйнөлүк жана эл аралык стандарттарга ылайык иштешин кылдат көзөмөлдөйт.
Бул багытта ишкананын директору Жаркынбек Максутов OITAF эл аралык компаниясынын
өкүлдөрү менен аралыктан баарлашуу өткөрдү. Буга чейин дүйнөлүк бир катар асма жолдорду
иштеп чыккан, ошондой эле аларды коопсуз эксплуатациялоо боюнча эл аралык стандарттарды
жана техникалык сунуштарды иштеп чыккан чет элдик компаниянын өкүлдөрү Жаркынбек
Максутовдон Кыргызстанда курулуп жаткан ири курорттогу туристтик объектилердин
коопсуздугу, техникалык тейлөөсү, экологиялык жана башка аспектилери жөнүндө маалымат
алышкан.
Өз кезегинде OITAF уюмунун өкүлдөрү асма жолдор, лыжа трассалары жана жасалма кар жаадыруу
системалары үчүн долбоордук чечимдердин тобокелдиктерин жана ишенимдүүлүгүн талдоо боюнча
керектүү консультациялык чечимдерди берүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» курортундагы асма жолдун курулуш иштеринин бетондоо бөлүгү октябрь айында толугу менен аяктайт.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында «Ала-Тоо Резорт»
комплекси жайгаша турган аймактагы асма жолдун курулуш иштери белгиленген графикке ылайык
жүрүп жатат.
Белгилүү болгондой, буга чейин асма жолдорду долбоорлоодо жана курууда дүйнөлүк лидер
катары таанылган, Борбордук Азиядагы ири курорттук долбоорду ишке ашырууга кызыгуусун
билдирген австриялык компания менен келишим түзүлгөн. Учурда чет элдик инженерлер асма
жолдун түркүктөрүнүн пайдубалын куюу иштерин дээрлик аяктап калышты.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» курорту курула баштагандан бери Жыргалан айылы өнүгүп келе жатат.
Ак-Суу районундагы Жыргалан айылы көптөн бери көңүл сыртында калып, совет
доорунда курулган айрым имараттар бузула баштаган. Азыр болсо айылдан кеткендер кайтып
келип, келген туристтердин саны өстү.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга Борбордук Азия үчүн уникалдуу болгон, улуу тоо
чокуларын бириктирген курорттун курулушунун башталышы себеп болгон. Эгерде мурда бул жерге
тоо туризмин сүйүүчүлөр гана келсе, быйыл курортко жакын айыл катары Жыргаланда жер
тилкелеринин баасы өсүп, ошондой эле кароосуз калган үйлөрдү сатып алууга кызыкдар
болгондор көбөйдү.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» курортуна тиешелүү башкы 5 жылдыздуу мейманкананын котлованын казуу башталды.
Жалпы аянты 156,6 сотых болгон ири объектинин чек аралары «Ала-Тоо Резорт»
мамлекеттик ишканасы тарабынан 2025-жылдын 6-сентябрында такталган. Эми жакынкы аралыкта
Ак-Суу районунун Жыргалан чокусу аймагында башка мейманканалардын, VIP-коттедждердин жана
модулдук үйлөрдүн курулушу башталат.
Эскерте кетсек, июль айында аукционго коюлган 49 лоттун ичинен 14 лоттун жеңүүчүлөрү
аныкталган. Алардын бардыгын жергиликтүү инвесторлор жеңип алышкан.
Кененирээк...
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунун курулушуна даярдыктар башталды.
Хан-Теңири айыл аймагынын аймагында жер тилкелеринин чек аралары такталып,
болочок объектилер үчүн чек аралар белгиленди.
Иш-чарага президенттик администрация жетекчисинин орун басары – президенттин жана
министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев
катышты. Ал июль айындагы аукциондо жеңип чыккан инвесторлорго бөлүнгөн жер тилкелерине
кызыл китептерди тапшырды.
Кененирээк...
Президент Садыр Жапаров Doppelmayr/Garaventa Group компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Михаэль Доппельмайер менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта,
Doppelmayr/Garaventa Group компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Михаэль Доппельмайер
менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Эскерте кетсек, бул австриялык-швейцариялык топ Чүй облусундагы «Ала-Арча» жаратылыш
паркында жана Ысык-Көл облусундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринде асма жол куруу
долбоорун ишке ашырууда.
Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, курулуш графиктерин
сактоонун жана иштердин жогорку сапатынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Кененирээк...
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы «Ала-Тоо Резорт» масштабдуу тоо-лыжа кластеринин курулушуна старт берди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл
облусунун Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна капсула
салуу аземине катышты.
Иш-чаранын алдында чакырылган конокторго видеоролик жана театралдаштырылган көрсөтүү
тартууланды.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» жөн гана туристтик комплекс эмес, улуттук
экономиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо турган, аймактык өнүгүүгө жаңы дем берип,
кыргыз жаратылышынын кооздугун даңазалап, өлкөнүн маданий мурасын эл аралык деңгээлде
көтөрө турган масштабдуу долбоор экендигин баса белгиледи.
Кененирээк...
«Жыргалаң» курортунун айылында жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» жер участоктору аукциондо сатылды!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик
агенттиги
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунда жайгашкан жер
участокторунун
соодасы аяктаганын билдирет.
Электрондук соода 2025-жылдын 15-июлунан 2025-жылдын 18-июлуна чейин жүргүзүлгөндүгүн
белгилей кетүү
керек.
Аукционго жолдорду, ошондой эле асма жолду куруу иштери жүрүп жаткан даяр долбоору бар жер
участоктору коюлган.
Бул жерде 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, VIP-коттедждер, этно-таунхаустар, ресторандар,
кафелер жана
башка коммерциялык объектилер курула турганын эскертебиз.
Кененирээк...
Президент Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, Чолпон-Ата шаарында
«Ала-Тоо Резорт» бардык мезгилдеги кластерин куруу боюнча даярдык иштеринин жүрүшү боюнча
жумушчу
кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеге тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты.
Мамлекет башчысы жооптуу адамдардын долбоорлоо жана ишке ашыруунун алгачкы этаптарынын
жүрүшү
жөнүндөгү толук отчетторун укту.
Атап айтканда, энергетика министри курорттун энергетикалык камсыздоо схемалары жөнүндө, ал
эми
Курулуш министри жана Транспорт министри
аймактагы инженердик тармактарды жана автожол байланышын куруу пландары жөнүндө айтып
беришти.
Кененирээк...
"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортуна жабдыктар келип, асма жолдун курулушу башталды.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан "Ала-Тоо Резорт" комплексинде, асма жолдун курулушу башталды, ал үчүн керектүү жабдуулар жана шаймандар жеткирилди. Бул этапта инженерлер асма жол курула турган аймактарда техникалык жолдорду төшөп жатышат. Тирөөчтөрдүн пайдубалын куюу иштери башталды. Калган жабдыктар адистештирилген заводдон этап-этабы менен жеткирилет.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» курортунун объектилерин куруу үчүн аукционго коюлган жер участокторун алууну каалагандар үчүн жарыя (орус тилинде).
Электрондук аукциондун катышуучусу болуу үчүн төмөнкүлөр зарыл...
Байланыш телефондору:
0558008070;
0554482676.
Кененирээк...
«Ала-Тоо Резорт» курортунун объектилерин куруу үчүн аукционго коюлган жер участокторун алууну каалагандар үчүн жарыя (кыргыз тилинде).
Электрондук аукциондун катышуучусу болуу үчүн төмөнкүлөр зарыл...
Байланыш телефондору:
0558008070;
0554482676.
Кененирээк...
Инвесторлорду «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортуна келүүгө чакырабыз.
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы потенциалдуу инвесторлорду Борбордук Азиядагы эң ири «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунда аукционго коюлган жер участокторуна келүүгө чакырат. Бул кластер өлкөнүн эң кооз жеринде, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айылына караштуу «Жыргалаң» бийиктигинде жайгашкан.
Жолугушуу 2025-жылдын 3-4-июлунда болорун белгилейбиз.
Байланыш телефондору:
0558008070;
0554482676.
The largest tourism project in Kyrgyzstan has officially begun — Ala-Too Resort.
Set to become the biggest year-round ski resort in Central Asia, this development is more than just a resort. It represents a new urban landscape, a new economic driver, and a whole new level of tourism for the country. In the future, the peaks of Jyrgalan, Ak-Bulak, and Boz-Uchuk will be linked by a cable car system.
The region’s pristine air and breathtaking natural scenery will be complemented by cutting-edge infrastructure. The project will feature ski trails, cable cars, ethnovillages, five-star hotels, cafés, and restaurants. The total road network will span 250 kilometers. The resort is expected to welcome up to 2 million tourists annually and will create approximately 4,600 jobs.
Read more...Кыргызстанда эң ири туристтик долбоор - «Ала-Тоо Резорт» башталды.
Бул Борбордук Азиядагы эң чоң бардык мезгилдеги тоо-лыжа курорту болот. Бул жөн гана курорт эмес - бул жаңы шаар чөйрөсү, жаңы экономика жана туризмдин таптакыр жаңы деңгээли. Келечекте Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Үчук чокулары асма жол менен бириктирилет.
Бул жерлердин таза абасы жана укмуштуудай жаратылышы заманбап инфраструктура менен айкалыштырылат. Асма жолдордон тышкары, бул жерде лыжа трассалары, этно-шаарчалар, беш жылдыздуу мейманканалар, кафелер жана ресторандар курулат. Жолдордун жалпы узундугу 250 чакырымды түзөт. Курорт жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алат.
Кененирээк...Курулуп жаткан «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластериндеги жер участоктору ачык аукционго коюлууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы №486-р буйругун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы ири курорттук аймактын «Ала-Тоо Резорт» курулушунун баштапкы этабына бөлүнгөн жер участокторун сатуу боюнча аукцион жарыялайт.
Мамлекеттик маанидеги «Ала-Тоо Резорт» бардык мезгилдеги тоо
кластери»
долбоорунун баштапкы этабын ишке ашыруунун алкагында
Жыргалаң тоо-лыжа курортунун төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан жер участоктору аукционго
коюлууда.
Жер участокторун сатып алуу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду ачык
аукциондорго
катышууга чакырабыз
РАСМИЙ ЖАРЫЯ
Ала - Тоо Резорт — Кыргызстандын мамлекеттик тоо-лыжа демилгесинин жаңы аталышы.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №331 токтомунун негизинде, «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Ала - Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы болуп өзгөртүлдү.
Ошону менен бирге, долбоордун өзү да ребрендингге дуушар
болду —
“Үч Чоку” тоо-лыжа кластери мындан ары “Ала - Тоо Резорт” бирдиктүү бренди менен
продвиждет (жарнамаланат).
Бул эмнени билдирет:
🔹Ишкананын уюштуруу-укуктук формасы өзгөрүүсүз калат.
🔹Бардык мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары жана милдеттенмелери толугу менен
сакталат.
🔹«Ала - Тоо Резорт» ишканасы «Кыргыз Куршевель» ишканасынын түздөн-түз укук мураскери
болуп саналат.
«Ала-Тоо Резорт» алкагындагы инвестициялык долбоорлор үчүн мамлекеттик жер участокторун четке чыгаруу боюнча аукцион
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы №326 токтомуна ылайык, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун четке чыгаруу тартиби бекитилди.
Бул механизмдин алкагында «Ала-Тоо Резорт» бардык мезгилдеги тоо кластери» мамлекеттик долбоору юридикалык жана жеке жактарга, анын ичинде чет элдик инвесторлорго, мейманканаларды, ресторандарды жана туристтик инфраструктуранын коштоочу объектилерин куруу үчүн жер участокторун аукциондо сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.
Кененирээк...«Ала-Тоо Резорт» курортуна айланып өтүүчү жолдун курулушунун алкагында Жыргалаң айылы аркылуу өткөн электр чубалгыларын жылдыруу иштери толугу менен аяктады.
Жолду кеңейтүүгө байланыштуу электр чубалгыларынын түркүктөрүн жылдыруу так бир ай мурун башталган. Бүгүнкү күндө түркүктөр жолдун эки тарабы боюнча мурунку ордунан 3–4 метр алыска орнотулду. Натыйжада, саны миңден ашкан жана мурда күндүзгү убакта электр жарыгысыз калган Жыргалаңдын тургундары, эми үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушат. Бардык абоненттер электр эсептегичтерге туташтырылды.
Ошол эле учурда, «Ала-Тоо Резорт» курорту курула турган аймакта, кубаттуулугу 35/10 кВ болгон көмөк чордондун (подстанциянын) курулушу активдүү жүрүүдө. Энергетикалык объект үчүн аянтты тазалоо боюнча даярдык иштери он күн мурун башталган.
Кененирээк...Борбордук Азиядагы эң ири курорт - «Ала-Тоо Резорт» жергиликтүү окуу жайлардын базасында даярдалган адистер менен камсыз болот.
КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү менен И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жолугушуусу пландалган кызматташтыктын алкагында өттү. Иш-чарага Курулуш, Архитектура институттарынын, Жогорку логистика мектебинин, Энергетика институтунун, Жогорку экономика жана бизнес мектебинин, ошондой эле «Техникалык машиналар» кафедрасынын директорлору жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Техникалык тармактар үчүн адистерди даярдап жаткан жамаатка «Ала-Тоо Резорт» курортунун долбоору жана Борбордук Азияда биринчи жолу мындай масштабда курула баштаган ири рекреациялык объекти жөнүндө толук маалымат берилди.
Кененирээк...«Ала-Тоо Резорт» жана австриялык компаниянын инженерлери курорттогу асма жолду ишке ашырууга киришти
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы асма жолдорду куруу жана долбоорлоодо дүйнөлүк лидер болгон австриялык “Doppelmayr Seilbahnen GmbH” компаниясынын инженерлери менен биргеликте тоо-лыжа курортунун аймагында асма жол куруу пландаштырылган жерди кыдырышты.
Адистер геодезиялык өлчөөлөрдү жүргүзүп, тирөөчтөр орнотула турган жерлерди карап чыгышты. Иш сапардын жыйынтыгында долбоорду ишке ашырууну улантуу чечими кабыл алынды. Ошол эле учурда, тирөөчтөрдү орнотуучу жайларга техникалык жетүүчү жолдорду төшөө иштери башталды. Кийинки этапта тирөөч конструкциялары үчүн пайдубалдар куюлат.
Кененирээк...«Ала-Тоо Резорт» курортуна альтернативдүү жолдун курулушу жүрүп жатат
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Жыргалаң айылынан «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортуна чейинки альтернативдүү жолду долбоорлоо жана куруу иштери жандандырылды. Бүгүнкү күндө тоо-лыжа кластери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте узундугу 8 км болгон жаңы жолду төшөй баштады.
Бул Жыргалаң айылынан «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортуна чейинки альтернативдүү жол болот. Учурда тоо боорундагы мурда колдонулган чыйырлар кеңейтилип, аларга шагыл-кум аралашмасы төшөлүүдө. Бүгүнкү күндө жолдун 1 км аймагына шагыл төшөө иштери аяктады. Жолду кеңейтүү менен бирге, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын жылдыруу иштери жүрүп жатат. 10дон ашык техника жана адис бригадалары ишке тартылган.
Кененирээк...«Кыргыз Куршевель» МИ жана «Манас» КТ университети туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоо боюнча меморандумга кол коюшту
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Келишим «Үч Чоку» тоо-лыжа кластери үчүн адистерди биргелешип даярдоого, алардын кесиптик билимин жогорулатууга жана жергиликтүү кадрларды туризм тармагына тартууга багытталган.
Кененирээк...«Кыргыз Куршевель» МИ жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги биргелешип кадрларды даярдашат
Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумга ишкананын директору Жаркынбек Максутов жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кол коюшту.
Кененирээк...Тоо лыжа кластери «Үч Чоку» долбоору боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө жыйыны
«Үч Чоку» тоо лыжа кластеринин курулушу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө жыйыны болуп өттү. «Үч Чоку» тоо лыжа кластери долбоорун ишке ашыруунун алкагында, «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынын төрагалыгы астында тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө жыйыны өткөрүлдү.
Кененирээк...«Үч Чоку» тоо лыжа кластерин ишке ашыруу маселелери боюнча Жыргаланда жергиликтүү калк менен жолугушуу
«Үч Чоку» тоо лыжа кластерин ишке ашыруу маселелери боюнча Жыргаланда жергиликтүү калк менен жолугушуу болуп өттү. Бүгүн, 2025-жылдын 31-январында Ысык-Көл облусунун Жыргалан айылында «Үч Чоку» тоо лыжа кластерин ишке ашыруу маселелерине арналган жергиликтүү тургундар менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынын, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле аймактын жашоочулары катышты.
Кененирээк...«Кыргыз Куршевель» жана К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети биргелешип кадрларды даярдайт
Бүгүн, 2025-жылдын 31-январында Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы менен Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Документ тараптардын тоо лыжа туризми үчүн кадрларды даярдоо, аларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү адистерди «Үч Чоку» тоо лыжа кластерине тартуу жаатындагы макулдашууларын бекитет.
Кененирээк...«Үч Чоку»: Кыргызстандын бюджетине 146 млн евро алып келе турган курорт
«Үч Чоку» долбоору болжол менен 2025-жылдын май айында башталат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине берген маегинде «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов билдирди. Анын айтымында, учурда инфраструктуралык объектилер үчүн долбоордук-сметалык документтер иштелип жатат. Биринчи этаптын курулушу 2026-жылдын декабрь айында аяктайт жана курорт биринчи туристтерди кабыл алууга даяр болот. Долбоор үч этаптан турат: Жыргалан, Бозучук, Ак-Булак.
Кененирээк...- 1
- 2
- 3
- 4
- 10
- >