31.01.2025
Жыргалаңда «Үч Чоку» тоо лыжа кластерин ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү калк менен жолугушуу өттү
Бүгүн, 2025-жылдын 31-январында Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында «Үч Чоку» тоо лыжа кластерин ишке ашыруу маселелерине арналган жергиликтүү тургундар менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынын, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле аймактын жашоочулары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө курулушка даярдыктын жүрүшү, долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптары, инфраструктураны өнүктүрүү, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча пландар тууралуу актуалдуу маалыматтар берилди.
Тийиштүү министрликтердин адистери айыл тургундарын колдоо механизмдерин, анын ичинде жумушка орноштуруу, окутуу жана кесиптик кайра даярдоо программаларын кеңири түшүндүрүштү. Жаратылыш балансын сактоо жана эл аралык стандарттарды киргизүүгө байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. «Кыргыз Куршевель» МИсинин өкүлдөрү курулуш экологиялык нормаларды сактоо менен жана айлана-чөйрөгө минималдуу таасир этүү менен жүргүзүлөрүн баса белгилешти. Тургундар аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, аны колдой турганын билдиришти.
артка