15.10.2025
Түркиянын ири компаниялары «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушуна кызыгышты.
Бир нече тармакта иштеген дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын ээси **Эмрах Далкая** «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору **Жаркынбек Максутов** менен жолугушту. Эмрах Далкая Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында курула баштаган ири курорттук долбоор тууралуу октябрь айынын башында Стамбулда өткөн кыргыз-түрк ишкерлеринин көчмө жыйынында угуп, Кыргызстанга атайын келген.
Ж. Максутов «Ала-Тоо Резорт» долбоору тууралуу кеңири айтып берип, Борбордук Азиядагы эң ири тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча дымактуу демилгени түшүндүрдү. Э. Далкая Түркия дүйнөдөгү эс алуу үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөрдүн бири деп эсептелгенине карабастан, өлкөдө мындай масштабдагы курорт азырынча курула электигин белгиледи.
Ал «Ала-Тоо Резорт» долбоору тоо-лыжа туризминин маанилүү борбору болууга жана дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди тартууга потенциалы бар экендигин кошумчалады. Ошондой эле, бул долбоор түрк ишкерлерине сунушталып, алар туристтик объектилерди куруу үчүн жер тилкелери аукционго коюла турган алдыдагы аукционго катышууга чакырыларын билдирди.
Буга чейин бир нече түрк компанияларынын өкүлдөрү «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушу жүрүп жаткан Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагынын Жыргалаң участогундагы аймагы менен жеринде таанышуу ниетин билдиришкен.
артка