22.05.2026

«Ала-Тоо Резорт» ААКсы Жыргалаң курорттук шаарчасында россиялык бизнес-делегациясын кабыл алды

«Ала-Тоо Резорт» ААКсы Жыргалаң курорттук шаарчасында Россия Федерациясынын Новосибирск облусунан келген ишкерлер делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Делегацияны Новосибирск облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасынын орун басары, «Биринчи Курулуш Фонду» компаниялар тобунун жетекчиси М.П. Мамедов жетектеди.

Жолугушуунун алкагында КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү ири курулуш компанияларынын жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ошондой эле делегация «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун аймагындагы курулуш жана инфраструктуралык объектилер менен жеринен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, курулуш тармагындагы кызматташтык жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.



артка