5.02.2025
«Кыргыз Куршевель» МИси жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кадрларды биргелешип даярдоо менен алектенишет
Бүгүн, 2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумга ишкананын директору Жаркынбек Максутов жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кол коюшту.
Документ тоо лыжа туризми үчүн кадрларды даярдоо, аларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү адистерди «Үч чоку» тоо лыжа кластерине тартуу жаатындагы тараптардын макулдашууларын бекитет.
Макулдашуунун алкагында тоо лыжа туризми жаатындагы кесиптик компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө, курорттук инфраструктураны башкаруунун эл аралык стандарттарын киргизүүгө, ошондой эле туризм тармагынын актуалдуу талаптарына жооп берген билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү каралган.
Экологиялык туруктуулук, ESG стандарттарын жана эл аралык коопсуздук нормаларын, анын ичинде International Organization for Standardization, EN — European Standards стандарттарын колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Документте кесиптик кайра даярдоо курстарын уюштуруу, атайын билим берүү программаларын иштеп чыгуу, анын ичинде курортторду башкаруу, асма жолдордун инженериясы, спорттук менеджмент, суу менен камсыздоо, тазалоочу курулмалар жана башка багыттар каралган. Тараптар стажировкаларды, академиялык алмашууларды жана чет элдик адистерди билим берүү процесстерине тартууну камтыган эл аралык кызматташтык программаларын ишке ашырууну көздөшөт.
артка