4.06.2025
«Ала-Тоо Резорт» курортуна айланып өтүүчү жолду куруунун алкагында Жыргалаң айылы аркылуу өткөн электр чубалгыларын которуу иштери толугу менен аяктады.
Жолду кеңейтүүгө байланыштуу электр чубалгыларынын түркүктөрүн которуу мындан туура бир ай мурун башталган. Бүгүнкү күндө түркүктөр жолдун эки тарабында мурунку ордунан **3–4 метрге** алыс орнотулду. Натыйжада, миңден ашуун тургуну бар Жыргалаң айылынын жашоочулары, буга чейин күндүзү жарыксыз калып келсе, мындан ары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушат. Бардык абоненттер электр эсептегичтерге кошулду.
Ошол эле учурда, «Ала-Тоо Резорт» курорту курула турган аймакта **$35/10$ кВ** кубаттуулуктагы подстанциянын курулушу активдүү жүрүп жатат. Энергетикалык объект үчүн аянтты тазалоо боюнча даярдык иштери он күн мурун башталган. Азыркы учурда жерге туташтыруу контурун орнотуу иштери толугу менен аяктап, энергетикалык жабдууларды монтаждоого даярдык башталды.
Жакынкы бир жуманын ичинде трансформатор орнотулуп, андан кийин электр чубалгыларын тартуу иштери башталат. Бир айга жетпеген убакытта подстанция толугу менен орнотулуп, иштетүүгө даяр болот.
артка