25.09.2025
Эл аралык Lazard финансылык компаниясы ири мамлекеттик «Ала-Тоо Резорт» долбоорун колдоо боюнча консалтингдик кызматтарды көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Бул тууралуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору **Жаркынбек Максутовдун** француз **Lazard** компаниясынын өкүлү **Жиль Костерус** менен жолугушуусунда жарыяланды. Иш-чаранын жүрүшүндө долбоор тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, андан кийин Борбордук Азиядагы эң ири, тоо-лыжа туризминин маанилүү борбору болууга жана дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди тартууга потенциалы бар курорт жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Өз кезегинде, Lazard компаниясынын башкы кеңешчиси жана Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрү боюнча куратору **Жиль Костерус** долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн туризмин жана экономикасын өнүктүрүү үчүн **стратегиялык мааниге** ээ экендигин баса белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстанды дүйнөлүк туристтик рынокто алга жылганы менен куттуктады. Андан ары тараптар үч этапты камтыган долбоорду ишке ашыруудагы **биргелешкен кызматташтыктын** маанилүүлүгүн талкуулашты.
Эске салсак, **Lazard** — бул инвестициялык банкинг, финансылык консалтинг жана активдерди башкарууга адистешкен эл аралык финансылык компания. Учурда компания Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан сыяктуу Борбордук Азия өлкөлөрүндө ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда. Мындан тышкары, Lazard дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө **офистери** бар.
артка