29.12.2025

Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештер “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик долбооруна инвестор болууга кызыктар.

2025-жылкы курултайга келген мекендештердин “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасына келгенинин себеби да ошол. Долбоор тууралуу кенен маалымат алышкан делегаттар, жакынкы күндөрү боло турган аукциондун экинчи этабына катышууга ынтызарлыгын билдиришти.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров белгилеп келгендей, ушул тапта мигранттардын ишмердүүлүгү Кыргызстанда маанилүү социалдык, экономикалык жана маданий долбоорлордун ишке ашуусуна өбөлгө түзүп келет.

Дал ушул жагдайды эске салган “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов, дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, иштеп үй-бүлөсү менен жакындарына эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын колдоого баа жеткис салым кошуп келаткан мекендештерге ыраазычылык билдирди.

Буга чейин миграцияда жүргөндөр социалдык, экономикалык, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү менен өлкө аймактарынын өнүгүшүнө инвестиция салып келишсе, эми мекенчилдиктин эң бийик үлгүсү катары, Борбор Азиядагы ири курорттун курулушу тууралуу бир катар суроолорго жооп алышты.



артка