28.01.2026

«Ала-Тоо Резорт» ААК жана Magic Trading Company LTD кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

«Ала-Тоо Резорт» ААК жана Кытай Эл Республикасынан келген Magic Trading Company LTD компаниясы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бул документ Кыргыз Республикасында туристтик жана тоо-лыжа инфраструктурасын санариптештирүү багытында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Меморандумдун алкагында тараптар тажрыйба алмашууну, ошондой эле тоо-лыжа курорттору үчүн заманбап санариптик чечимдерди биргелешип иштеп чыгууну макулдашты.

Меморандумга «Ала-Тоо Резорт» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов жана Magic Trading Company LTD компаниясынын аймактык директору Ван Цзюнь кол коюшту.

Кол коюлган меморандум рамкалык мүнөзгө ээ болуп, тараптар үчүн каржылык милдеттенмелерди карабайт. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өзүнчө келишимдер түзүлүшү мүмкүн.

«Ала-Тоо Резорт» ААК эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну өлкөдөгү заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү тоо-лыжа инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам катары карайт.



артка