1.06.2025
«Ала-Тоо Резорт» курортуна альтернативдүү жолдун курулушу жүрүп жатат
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Жыргалаң айылынан «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа курортуна чейинки альтернативдүү жолду долбоорлоо жана куруу иштери жанданды.
Бүгүнкү күндө тоо лыжа кластери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте узундугу **8 км** болгон жаңы жолду кура баштады. Бул Жыргалаң айылынан «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа курортуна чейинки альтернативдүү жол болот. Учурда тоо боорундагы мурда колдонулган чыйыр жолдор кеңейтилип, аларга шагыл-кум аралашмасы төшөлүп жатат. Бүгүнкү күндө **$1$ км** жолдун аймагына шагыл төшөө иштери аяктады. Жолду кеңейтүү менен катар жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын которуу иштери жүрүүдө. **$10$дон** ашык техника жана адистердин бригадалары тартылган.
Мындан тышкары, Токтогул айылынан Жыргалаңга чейинки **$14$ км** жол тилкесинин курулушу башталды. Анын **$1$ км $300$ м** айыл ичиндеги бөлүгү бүткөрүлдү жана ошол эле учурда жолдорду кеңейтүү уланууда. Ошондой эле, суу өткөрүүчү линияны орнотуу боюнча даярдык иштери башталды. Жалпысынан **$30$га** жакын түркүккө түтүктөр орнотулат. Жакынкы карьерден курулуш аймагына шагыл ташылууда. Объектте **$30$га** жакын техника жана болжол менен **$30$га** жакын жумушчу иштеп жатат. Планга ылайык, ушул жылдын аягына чейин **$14$ км** жол тилкесине шагыл төшөө иштери аяктап, анын жарымы асфальтталат.
Долбоордун алкагында тротуар жана бетондон жасалган суу өткөрүүчү каналдар да курулат. Ал эми **$8,5$ км** жолдогу шагыл төшөө иштери **$31$-августка** чейин бүткөрүлүшү керек.
артка