25.02.2026
«Ала-Тоо Резорт» ААК Doppelmayr менен жаңы келишим түздү
«Ала-Тоо Резорт» Ачык акционердик коому жана Doppelmayr компаниясы Жыргалан курортунда дагы төрт асма аркан жол куруу боюнча жаңы келишимге кол коюшту. Документке Doppelmayr компаниясынын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүм башчысы Валерий Яшин жана «Ала-Тоо Резорт» ААК башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду.
Бул келишим Ысык-Көл облусунда заманбап тоо-лыжа курортун куруу боюнча ири долбоордун уландысы болуп саналат. Өткөн жылы эки негизги магистралдык асма аркан жол куруу боюнча алгачкы келишим түзүлгөн. Учурда ал иштер жүрүп жатат. Ал асма аркан жолдор ушул жылдын май айында пайдаланууга берилери пландалууда.
Бүгүн кол коюлган келишимге ылайык, жыл аягына чейин Жыргаланда дагы төрт асма аркан жол курулат. Натыйжада декабрь айына карата асма аркан жолдорунун жалпы узундугу 8 чакырымдан ашык. Ал эми лыжа тебүүчү трассалардын узундугу 46 чакырымга жетет.
Курортту өнүктүрүүнүн биринчи этабы
Валерий Яшин белгилегендей, былтыркы келишим Жыргалан курортун ири масштабда куруунун башталышы болгон. Ушул убакыт аралыгында курортту толук өнүктүрүү боюнча мастер-план даярдалды.
Бул мастер-планда биринчи этап так аныкталган. Анда асма аркан жолдордон тышкары, бардык зарыл инфраструктура — инженердик тармактар, тейлөө объектилери жана башка шарттар каралган.
Быйыл асма аркан жолдордон сырткары тоонун үстүндө да чоң иштер жасалат. Максат — декабрь айына чейин туристтер үчүн бардык шарттары бар, толук кандуу кызмат көрсөтө алган заманбап курорт түзүү. Келген коноктор дүйнөдөгү алдыңкы лыжа курортторундагыдай деңгээлдеги кызматты ала алышы керек.
Заманбап технологиялар
По словам представителей компании, оборудование, которое устанавливается на курорте, относится к числу самых современных решений в отрасли. Компания Doppelmayr реализует проекты в 96 странах мира, и курорт такого масштаба в Кыргызстане станет первым в истории компании в республике.
Компания өкүлдөрүнүн айтымында, Жыргаланда орнотулуп жаткан жабдуулар эң акыркы, заманбап технологияларга негизделген. Doppelmayr дүйнөнүн 96 өлкөсүндө иш алып барат. Кыргызстандагы мындай масштабдагы курорт компания үчүн өзгөчө мааниге ээ. Курортто асма аркан жолдор гана эмес, жалпы инфраструктура да жогорку деңгээлде курулууда.
Тоо шартындагы курулуш
Жыргалан тоолуу аймакта жайгашкандыктан, климаттык шарттар татаал. Ошого карабастан, подрядчы компания иштер белгиленген мөөнөттө бүтөрүнө ишенимдүү. Компаниянын долбоорлорунун 60 пайызга жакыны дал ушундай тоолуу шартта ишке ашырылат. Алар 4 миң метр бийиктикте да асма аркан жолдорду куруп келген тажрыйбага ээ.
Адистер кар калың түшкөн шартта иштөөнү, техника киргизүүнү жана жол ачуу иштерин жакшы билишет. Учурда Жыргаланда курулуш иштери ыкчам жүрүп жатат, айрым багыттар боюнча графиктен озуп кетүүдө.
Алгачкы асма аркан жолдор май айынын аягына чейин пайдаланууга берилет. Ал эми биринчи этап толугу менен ушул жылдын декабрь айында аяктайт.
артка