22.09.2025
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы курорттогу бардык объекттердин дүйнөлүк жана эл аралык стандарттарга ылайык иштешин кылдат көзөмөлдөйт.
Бул багытта ишкананын директору **Жаркынбек Максутов** эл аралык **OITAF** компаниясынын өкүлдөрү менен дистанциялык байланыш өткөрдү. Буга чейин дүйнөлүк бир катар асма жолдорду, ошондой эле аларды коопсуз эксплуатациялоо боюнча эл аралык стандарттарды жана техникалык сунуштарды иштеп чыккан чет элдик компаниянын өкүлдөрү Жаркынбек Максутовдон Кыргызстанда курулуп жаткан ири курорттогу туристтик объекттердин **коопсуздугу, техникалык тейлөөсү, экологиялык** жана башка аспекттери боюнча маалымат алышкан.
Өз кезегинде, OITAF уюмунун өкүлдөрү **тобокелдиктерди талдоо** жана асма жолдор, лыжа трассалары жана жасалма кар жаадыруу системалары үчүн **долбоордук чечимдердин ишенимдүүлүгү** боюнча зарыл болгон **консалтингдик чечимдерди** берүүгө **кызыкдар** экендиктерин билдиришти.
Жакынкы аралыкта эл аралык уюм **кызматташуу боюнча коммерциялык сунушту** жөнөтөт. «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы келечекте бул жаатта иштеген башка чет элдик уюмдар менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле **улуттук стандарттарга** жана **дүйнөлүк талаптарга** ылайык документацияны даярдоону пландаштырууда.
артка