03.04.2026
«Ала-Тоо Резорт» дипломатиялык миссияларга тааныштырылды

«Ала-Тоо Резорт» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Анын алкагында төрт мезгилдүү тоо кластеринин долбоорун ишке ашыруунун негизги багыттары тааныштырылды.
Жолугушууда чет өлкөлүк өнөктөштөр долбоордун концепциясы, масштабы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Эл аралык бизнестин катышуусу жана чет элдик инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттарга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле талкуунун өзүнчө бөлүгү катары жер тилкелерин сатуу боюнча аукциондун экинчи этабы каралды. Анын алкагында туристтик жана коммерциялык инфраструктураны курууга арналган лоттор сунушталары белгиленип, катышуучуларга алардын параметрлери, катышуу тартиби жана долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.
Диалогдун жүрүшүндө дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү Кыргызстандагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирип, долбоордун эл аралык кызматташтыкты чыңдоодогу маанисин белгилешти.

Белгиленгендей, «Ала-Тоо Резорт» долбоору мамлекеттик мааниге ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана жеке көзөмөлү алдында ишке ашырылууда. Бул өз кезегинде инвесторлор үчүн туруктуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылат.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, долбоор алкагында эл аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн дагы бир кадамы болду.
артка