Түз эфир

31.10.2025

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик маанидеги – «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондогу тоо кластери долбоорунун расмий логотибин иштеп чыгуу боюнча ачык конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты – Кыргызстандын жаратылыш жана маданий байлыгын, тоо чокуларынын рухун, Ысык-Көлдүн тунуктугун, туруктуу туризм концепциясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук символу – ак илбирсти чагылдырган заманбап, таасирдүү жана эсте каларлык визуалдык символду түзүү.

Конкурска Кыргыз Республикасынын дизайнерлери, сүрөтчүлөрү, архитекторлору, студенттери, кесипкөй дизайн студиялары жана чыгармачыл бирикмелери чакырылат. Эң мыкты эмгек «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондогу тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорунун расмий логотиби болуп калат жана бренддин визуалдык коммуникациясынын бардык түрлөрүндө колдонулат. Жеңүүчүнү акчалай сыйлык жана символдун автору катары расмий таануу күтөт. Ошондой эле конкурстун жеңүүчүсү менен фирмалык брендбук жана бренддин айдентикасын иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлүшү мүмкүн.

Жеңип чыккан логотиптин варианты конкурстун уюштуруучуларынын менчиги болуп калат жана бардык коммерциялык жана коммерциялык эмес максаттарда колдонулат. Жеңип чыккан дизайн уюштуруучулар тарабынан анча-мынча оңдоого дуушар болушу мүмкүн.

Жеңүүчү 50 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болот.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2025-жылдын 3-ноябрынан 2025-жылдын 17-ноябрына чейин ачык. Иштер Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 55А дареги боюнча, же alatooresort@gmail.com электрондук почтасына «Конкурска» деген белги менен кабыл алынат.

«Ала-Тоо Резорт» бардык сезондогу тоо кластери» расмий логотибин иштеп чыгуу боюнча Техникалык тапшырма жана Ачык конкурс жөнүндө бекитилген Жобо Ишкананын расмий сайтынан таанышуу жана жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү: https://alatooresort.kg/




«Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоордун фирмалык логотибин иштеп чыгуу боюнча ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА


Орус тилиндеги ТТ


Мамлекеттик маанидеги “Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” долбоору үчүн фирмалык логотипти иштеп чыгуу боюнча ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

Кыргыз тилиндеги ТТ


«Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорунун логотибин иштеп чыгуу боюнча ачык конкурс өткөрүү жөнүндө ЖОБО

Жобону жүктөө





артка

Билдирүү жөнөтүү