Түз эфир

18.07.2025

«Жыргалаң» курорттук айылында жайгашкан «Ала-Тоо Резорттун» аукционго коюлган жер тилкелери сатылды!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунда жайгашкан жер тилкелеринин тооруктары аяктагандыгын билдирет. Электрондук тооруктар **2025-жылдын 15-июлунан 2025-жылдын 18-июлуна** чейин өткөрүлгөнүн белгилей кетүү керек.

Аукционго **даяр долбоору бар** жер тилкелери коюлуп, анда азыркы этапта жолдорду, ошондой эле асма жолду куруу иштери жүрүп жатат. Бул жер тилкесинде **3, 4, 5-жылдыздуу мейманканалар**, **VIP-коттедждер**, **этно-таунхаустар**, **ресторандар**, **кафелер** жана башка **коммерциялык объектилер** курула турганын эскертебиз. Жеңүүчүдөн негизги талап — жеңүүчү **2 жылдын ичинде** курулушту бүтүрүп, объектини пайдаланууга берүүгө милдеттүү.



Негизги максаты: **улуттук инвестициялык долбоорлорду** жана **мамлекеттик маанидеги долбоорлорду** ишке ашыруу.

Лот Жер тилкесинин дайындалышы Катышуучулардын саны Жалпы аянты (м²) Лоттун баштапкы баасы Аукциондун жыйынтыгындагы баасы
1 Беш жылдыздуу мейманкана комплекси 2 15 660 336 690 000 сом 337 363 380 сом
36 Беш жылдыздуу мейманкана комплекси 2 800 13 600 000 сом 13 872 000 сом
33 Беш жылдыздуу мейманкана комплекси 2 400 6 800 000 сом 7 004 000 сом
37 Беш жылдыздуу мейманкана комплекси 3 800 13 600 000 сом 28 152 000 сом
31 Беш жылдыздуу мейманкана комплекси 2 458 7 786 000 сом 7 863 860 сом
30 Эки жылдыздуу мейманкана комплекси 2 458 7 786 000 сом 7 863 860 сом
42 63 кв.м. болгон 23 даана модулдук үй 2 1449 20 575 800 сом 20 781 558 сом
38 Жыгачтан салынган VIP коттедждер 3 216 3 067 200 сом 4 876 848 сом
42 Жыгачтан салынган VIP коттедждер 4 216 3 067 200 сом 4 784 832 сом
39 Жыгачтан салынган VIP коттедждер 3 216 3 067 200 сом 5 766 336 сом
43 Жыгачтан салынган VIP коттедждер 4 216 3 067 200 сом 7 545 312 сом
40 Жыгачтан салынган VIP коттедждер 4 3 067 200 сом 216 8 802 864 сом
44 Жыгачтан салынган VIP коттедждер 5 216 3 067 200 сом 8 925 552 сом
41 Жыгачтан салынган VIP коттедждер 5 216 3 067 200 сом 8 986 896 сом
Бардыгы 43 21 537,00 428 308 200 сом 472 589 298 сом


Ошентип, бардык **14 лот** сатылды. Дагы кызыкдар инвесторлор бар болгондуктан, болжол менен дагы **35 лотту** тоорукка коюу чечими кабыл алынат.


артка

Билдирүү жөнөтүү