01.04.2026

Кыргызстан калкынын ассамблеясынын өкүлдөрү «Ала-Тоо Резорт» долбоорун жогору баалашты

«Ала-Тоо Резорт» ААК Кыргызстан калкынын Ассамблеясына караштуу этностук коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Ала-Тоо Резорт» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов төрт мезгилдүү тоо кластеринин долбоорун тааныштырып, ошондой эле жер тилкелерин сатуу боюнча аукциондун экинчи этабы тууралуу кеңири маалымат берди.

Презентацияда долбоордун жалпы концепциясы көрсөтүлүп, ал Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жатканы жана Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук аймактарын камтый турганы белгиленди. Бул долбоор мамлекеттик мааниге ээ болуп, Борбордук Азиядагы эң ири тоо-лыжа кластерлеринин бирин түзүүгө багытталган. Жалпы лыжа трассаларынын узундугу болжол менен 250 чакырымды түзөт.

Ошондой эле заманбап туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулары айтылды. Курорттун аймагында ар кандай деңгээлдеги мейманканалар, этно-шаарчалар, ресторандар курулуп, инженердик тармактар, асма аркан жолдор жана башка маанилүү объекттер этап-этабы менен ишке ашырылат.

Жаркынбек Максутов аукциондун экинчи этабына да токтолуп, инвесторлор үчүн туристтик жана коммерциялык объекттерди курууга арналган жер тилкелери сунушталарын билдирди. Долбоор жергиликтүү да, чет элдик да инвесторлор үчүн ачык экени белгиленди.

Жолугушууга катышкандар өздөрүн кызыктырган бардык суроолорго жооп алышты. Тактап айтканда, лоттордун баасы, жер тилкелеринин параметрлери, курула турган объекттердин түрлөрү, инфраструктуралык чечимдер жана мамлекеттик колдоо чаралары талкууланды.

Белгиленгендей, долбоор ишке ашкан соң миңдеген жаңы жумуш орундар түзүлүп, туристтердин агымы кыйла өсөт жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот. Эсептөөлөргө караганда, курорт жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл ала алат.

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ишке ашырууга инвесторлорду тартуу жана коомчулукка маалымдоо багытында жасалган дагы бир кадам болуп калды.



артка