30.03.2026
“Ала-Тоо Резорт” дүйнөлүк инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат

30-март күнү «Ала-Тоо Резорт» ААК видеоконференция форматында онлайн жолугушуу өткөрүп, анда жыл бою иштей турган тоо-туризм кластери долбоору жана жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы боюнча презентация жасалды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Долбоор жана анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу «Ала-Тоо Резорт» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кеңири маалымат берди. Ал өз сөзүндө курорттук кластерди өнүктүрүүнүн негизги багыттарын түшүндүрүп, долбоордун учурдагы ишке ашырылып жаткан этаптары тууралуу айтып берди, ошондой эле инвесторлор үчүн ачылган мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө токтолду.
Жолугушууда аукциондун экинчи этабына өзгөчө көңүл бурулуп, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң курорт аймагында жайгашкан 36 жер тилкеси тууралуу маалымат берилди. Катышуучуларга аукционго катышуу шарттары, анын онлайн форматта өтүшү жана инвесторлор менен иш алып баруу механизмдери кеңири түшүндүрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган бардык суроолорду берип, долбоорду ишке ашыруунун деталдарын тактап алышты.
Чет өлкөдөгү мекемелердин өкүлдөрү, диаспора жана Ардактуу консулдар долбоорго кызыгуусун билдирип, аны жайылтууга жана чет өлкөлөрдөгү инвесторлор менен ишкер чөйрөлөргө маалымат жеткирүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
Бул онлайн жолугушуу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө жана «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун инвестициялык жагымдуулугун арттырууда маанилүү кадам болду.
артка