14.03.2026

«Ала-тоо резорт» адистери алтайдын атактуу «Манжерок» курортунда окуудан өтүшөт

«Ала-Тоо Резорт» ААКы тоо лыжа инфратүзүмүн өнүктүрүүдө дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды колдонууну улантууда.

Болочокто Борбор Азиядагы эң ири жыл бою иштей турган тоо лыжа курорту үчүн адистерди даярдоо максатында, компания атайын адистер тобун практикалык окутууга Алтай Республикасына (РФ) — дүйнөгө таанымал «Манжерок» курортуна жиберди. Бул курорт Евразиядагы алдыңкы лыжа туризм борборлорунун бири болуп саналат.

Биздин ратрак операторлорубуз экинчи жолу алтайлык курортко практикалык окутууга жөнөтүлүп жатат. Алар атайын ратрак техникасы менен иштөөнү жана лыжа трассаларын даярдоонун технологияларын үйрөнүшөт. Ратрак боюнча бул окутуу — сапаттуу кар жабууну түзүү үчүн колдонулуучу гусеничтүү техниканы башкаруу боюнча көндүмдөрдү бекемдөөгө жана кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстандын тоолуу аймактарында лыжа курорттору бар болсо да, трассаларды даярдоо негизинен чакан техникалар менен гана жүргүзүлүп келген. «Ала-Тоо Резорт» өлкөдө биринчи жолу алдыңкы дүйнөлүк курорттордо колдонулган заманбап ратрак техникасын киргизе турган долбоор болмокчу.

КРнын Президенти Садыр Жапаровдун жеке колдоосунун натыйжасында, «Ала-Тоо Резорт» ААКнын жана «Манжерок» курортунун ортосунда атайын кызматташуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. 2025-жылы компаниянын башчысы Жаркынбек Максутовдун демилгеси жана алтайлык курорт жетекчилиги менен алдын ала сүйлөшүүлөр - тажрыйба алмашуу жана дүйнөлүк бренд менен биргеликте долбоорлорду жүзөгө ашырууга шарт түздү.

Бул келишимдин алкагында 2025-жылдын октябрь айында, ачык конкурс жана маектешүүнүн жыйынтыгы менен тандалган адистердин биринчи тобу Алтай Республикасында ратрак техникасын башкаруу боюнча теориялык окутуудан өтүшкөн. Азыркы экинчи этап практикалык ишти түздөн-түз лыжа трассаларында жүргүзүүнү карайт.

Алынган билим жана көндүмдөр «Ала-Тоо Резорттун» келечектеги трассаларын даярдоодо колдонулуп, тоо лыжа инфратүзүмүнүн коопсуздугу жана сапатын жогорку деңгээлде камсыздайт.

Маалымат үчүн:

«Манжерок» курорту — Алтай Республикасында (Маймин район) Малая Синюха тоосунун этегинде, Катунь дарыясынын жанына жайгашкан заманбап жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги курорт. Курорт кеңири инфраструктурага ээ туристтик комплекстен турат: мейманканалар, лыжа трассалары, асма жолдор жана көл.



артка