Вакансиялар
Ачык акционердик коом «Ала-Тоо Резорт» ААК Жыргалан участогунда иштөө үчүн кызматкерлерди конкурстук негизде кабыл аларын жарыялайт. Конкурстан өткөн талапкерлер атайын окуу курсун аяктап, стажировкадан өтүшөт.
Ачык вакансиялар
Конкурстун алкагында төмөнкү кызмат орундар ачык:
🔹- Асма аркан жолунун начальниги — 1 орун;
🔹- Машинист-оператор — 12 орун;
🔹- Слесарь-обходчик — 3 орун;
🔹- Электронщик — 3 орун;
🔹- Механик-гидравлик — 3 орун.
Окуу жана стажировка шарттары
Конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерлер Жыргалан участогунда эки айлык окуу жана стажировкадан өтүшөт.
Стажировка мезгилинде компания төмөнкү чыгымдарды толугу менен өз мойнуна алат:
🔹- окуу чыгымдары,
🔹- жатакана,
🔹- тамак-аш.
Окуу аяктагандан кийин жумушка кабыл алуу маселеси компаниянын ички тартиптерине ылайык каралат.
Конкурсту өткөрүү тартиби
Тандоо бекитилген Жобонун негизинде эки этап менен жүргүзүлөт:
🔹- I этап — документтерди кароо
Бул этапта комиссия талапкер тарабынан тапшырылган документтерди карап чыгып, анын билими, иш тажрыйбасы жана башка талаптарга ылайыктуулугун текшерет.
🔹- II этап — бетме-бет маектешүү
Маектешүү Каракол шаарында өткөрүлөт. Анда талапкердин кесиптик билими, иш тажрыйбасы жана жеке сапаттары бааланат.
Комиссиянын чечими талапкерди окууга жана стажировкага жөнөтүүгө негиз болуп эсептелет.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү
Документтер электрондук форматта 2026-жылдын 5-мартына чейин кабыл алынат.
Электрондук дарек: e-mail: alatooresortvacancy@gmail.com