25.03.2026

Жумуш орундарга тандоо жыйынтыкталды

«Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому Жыргалаң тилкесинде жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» жыл бою иштеген тоо-туристтик кластеринде иштөө үчүн кызматкерлерди тандоо боюнча конкурс жыйынтыкталганын билдирет.

Бош жумуш орундары боюнча конкурс 2026-жылдын 20-февралында жарыяланган. Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 15-мартына чейин жүргүзүлгөн.

Көрсөтүлгөн мөөнөттө 200дөн ашык арыз келип түшкөн. Документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгында талаптарга 60 талапкер ылайык келип, алардын ичинен маектешүүнүн жыйынтыгында 20 адам тандалып алынды.

Тандоонун акыркы этабы 24–25-март күндөрү Каракол шаарында өткөрүлдү. Ага 45 талапкер катышты.

Талапкерлерди баалоо ишин 9 адамдан турган комиссия жүргүздү. Комиссиянын курамына «Ала-Тоо Резорт» ААКсынын өкүлдөрү, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акиминин орун басары Гульзат Суранчиева кирди.

Учурда талапкерлердин документтери акыркы текшерүүдөн өтүп жатат. 3–4 күндүн ичинде кабыл алуу боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча 20 талапкер окууга жана стажировкага жөнөтүлөт. Окутуу асма аркан жолдорун куруу боюнча келишимдин алкагында Doppelmayr компаниясы тарабынан жүргүзүлөт. Программа асма аркан жолду эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана көзөмөлдөө боюнча адистерди даярдоого багытталган.

Окутуу мөөнөтү 2026-жылдын апрель айынын аягына чейин уланат.

Маалымат үчүн

Конкурстун алкагында төмөнкү бош жумуш орундар жарыяланган:
🔹- Асма аркан жолдун начальниги — 1 орун;
🔹- Машинист-оператор — 12 орун;
🔹- Слесарь-обходчик — 3 орун;
🔹- Электронщик — 3 орун;
🔹- Механик-гидравлик — 1 орун

Талапкерлерди тандоо эки этапта жүргүзүлгөн:

1. Документтерди кабыл алуу — квалификациялык талаптарга шайкештигин баалоо;

2. Бетме-бет маектешүү — кесиптик билимдерин, иш тажрыйбасын жана жеке сапаттарын баалоо.




артка