Түз эфир

31.01.2025

«Кыргыз Куршевель» жана К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети кадрларды биргелешип даярдоо менен алектенишет

Бүгүн, 2025-жылдын 31-январында Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы менен Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ тоо лыжа туризми үчүн кадрларды даярдоо, аларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү адистерди «Үч Чоку» тоо лыжа кластерине тартуу жаатындагы тараптардын макулдашууларын бекитет.

Макулдашуунун алкагында тоо лыжа туризми жаатындагы кесиптик компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө, курорттук инфраструктураны башкаруунун эл аралык стандарттарын киргизүүгө, ошондой эле туризм тармагынын актуалдуу талаптарына жооп берген билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү каралган. Экологиялык туруктуулук, ESG стандарттарын жана эл аралык коопсуздук нормаларын, анын ичинде ISO 14001, GRI Standards, SASB, UNWTO Global Code of Ethics for Tourism, ошондой эле Эл аралык лыжа спорту федерациясынын (FIS) регламенттерин колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Документте кесиптик кайра даярдоо курстарын уюштуруу, атайын билим берүү программаларын иштеп чыгуу, анын ичинде курортторду башкаруу, асма жолдордун инженериясы, спорттук менеджмент, суу менен камсыздоо жана тазалоочу курулмалар багыттары каралган.

артка

Билдирүү жөнөтүү