3.06.2025
Борбордук Азиядагы эң ири курорт – «Ала-Тоо Резорт» жергиликтүү окуу жайлардын базасында даярдалган адистер менен камсыз болот.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү менен И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жолугушуусу пландалган кызматташтыктын алкагында болуп өттү. Иш-чарага Курулуш, архитектура институттарынын, Жогорку логистика мектебинин, Энергетика институтунун, Жогорку экономика жана бизнес мектебинин, ошондой эле «Техникалык машиналар» кафедрасынын директорлору жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Техникалык тармактар үчүн адистерди даярдаган жамаатка «Ала-Тоо Резорт» курортунун долбоору сунушталып, Борбордук Азияда биринчи жолу мындай масштабда курулуп жаткан эң ири эс алуу жайы тууралуу толук маалымат берилди. «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жаркынбек Максутов өлкөнүн туристтик потенциалын келечекте күчөтүп, дүйнө жүзүндөгү эс алуучуларды тарта турган объектте андан ары ишке орноштуруу үчүн адистерди даярдоону азыртадан баштоону сунуштады.
Мындай кызматташтык жыл бою иштөөгө ылайыкталган курортто өлкө жарандарынын арасынан квалификациялуу кадрлар иштеши үчүн шарттарды түзөт. Өнөктөштүктүн алкагында тараптар асма жолдорду инженердик жактан камсыз кылуу (курулуштун биринчи фазасы башталды), спорттук менеджмент, энергетика жана башка багыттар боюнча адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды талкуулашты.
Ошондой эле, кесиптик кайра даярдоо курстарын өткөрүү жана тажрыйба алмашууну уюштуруу боюнча макулдашууларга жетишилди.
артка