22.05.2026

«Жыл бою иштеген “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери» мамлекеттик долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында «Ак-Булак» курорттук шаарчасынын курулуш иштерин баштоого даярдык иштерин жүргүзүүдө.

Учурда «Ала-Тоо Резорт» ААКсынын адистери INPUT жана Doppelmayr австриялык компанияларынын адистери менен биргеликте келечектеги курорттук шаарчанын аймагында көчмө жумушчу иш-чараларды жүргүзүүдө.

Аймакка комплекстүү баа берүү иштери жүргүзүлүп, мындан аркы долбоорлоо жана инфраструктураны өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталууда.

Мындан тышкары, INPUT жана Doppelmayr компанияларынын адистери долбоордун жалпы мастер-планынын алкагында келечектеги «Ак-Булак» курорттук шаарчасынын концепциясын иштеп чыгып, даярдашат.



артка