16.09.2025
«Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушу башталгандан бери Жыргалаң айылы өнүгө баштады.
Ак-Суу районундагы **Жыргалаң айылы** көптөн бери көңүл бурулбай келген, совет доорунда курулган айрым имараттар бузула баштаган. Эми болсо айылдан кеткендер кайтып келип, келген туристтердин саны өсө баштады.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга **Борбордук Азия үчүн уникалдуу** болгон, айбаттуу **тоо чокуларын** бириктирген курорттун курулушунун башталышы себеп болгон. Эгерде мурда бул жерге тоо туризмин сүйүүчүлөр гана келсе, быйыл курортко жакын айыл катары Жыргалаңда **жер тилкелеринин баасы** өсүп, ошондой эле **кароосуз калган үйлөрдү** сатып алууга кызыгуу жаралган.
Эске сала кетсек, сентябрь айынын башында **Жыргалаң чокусунда** «Ала-Тоо Резорт» курортуна таандык башкы **5 жылдыздуу мейманкананын** курулушу башталган. Жакында башка мейманканалардын, **VIP-коттедждердин** жана **модулдук үйлөрдүн** курулушу да башталат.
артка