02.04.2026
Жыргалаңда «Ала-Тоо Резорт» асма аркан жолунун адистерин окутуу башталды

Жыргалаң курорттук шаарчасында «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун асма аркан жолунда иштей турган 20 адисти окутуу башталды. Алар буга чейин өткөн конкурстук тандоонун бардык этаптарынан ийгиликтүү өтүшкөн.

Биринчи күнү катышуучулар коопсуздук каражаттары менен камсыздалып, асма аркан жолунун төмөнкү, орто жана жогорку станциялары менен жеринде таанышышты. Адистер аларга жалпы системанын түзүлүшүн жана негизги бөлүктөрүн көрсөтүштү.

Окутуу негизинен практика түрүндө өтүп жатат. Катышуучулар жабдууларды, ар кандай тетиктердин жана механизмдердин иштөө принциптерин — кабелдерден тартып датчиктерге, роликтерге чейин — түздөн-түз жерде үйрөнүп жатышат. Ошол эле учурда өздөрү да кол менен жасап көрүп, тажрыйба топтошууда.

Окутуу дүйнөлүк деңгээлдеги Doppelmayr компаниясы менен кызматташтыкта жүргүзүлүүдө. Окутуу аяктагандан кийин адистер Жыргалаңдагы асма аркан жолунда иштей башташат.
артка