Түз эфир

18.06.2025

Курулуп жаткан «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластериндеги жер тилкелери ачык аукционго коюлат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы №486-р тескемесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы ири курорттук аймак болгон «Ала-Тоо Резорт» курулушунун баштапкы этабына бөлүнгөн жер тилкелерин сатуу боюнча аукцион жарыялайт.

Мамлекеттик маанидеги «Бардык мезгилдер үчүн арналган «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» долбоорунун баштапкы этабын ишке ашыруунун алкагында «Жыргалаң» тоо-лыжа курортунун төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан жер тилкелери аукционго коюлууда.

Биз ата мекендик жана чет элдик инвесторлорду ачык аукциондорго катышып, үч, төрт жана беш жылдыздуу мейманканаларды, VIP-коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторандарды, кафелерди, SPA-комплекстерди жана башка коммерциялык объектилерди куруу үчүн шаар куруу документтери менен толук камсыздалган жер тилкелерин сатып алууга чакырабыз.

Мамлекеттик маанидеги «Бардык мезгилдер үчүн арналган «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» долбоору боюнча жалпы маалымат:
Улуттук инвестициялык долбоорлор экономикалык өсүүнүн жана инфраструктуралык өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, жеке капиталдын жана технологиялардын келишине, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын 2025-жылдын 10-июнундагы №5 отурумунун протоколуна ылайык, «Бардык мезгилдер үчүн арналган «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» (мурдагы – «Үч чоку» тоо кластери) долбооруна «мамлекеттик маанидеги долбоор» статусу ыйгарылган.

Бардык мезгилдер үчүн арналган «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери Борбордук Азиядагы эң ири тоо-лыжа кластери болот.

Трассалардын жалпы узундугу **250 кмди** түзөт, ал эми курорт жылына **2 миллионго** чейин туристти кабыл ала алат жана **4600гө жакын** жумушчу орундарын түзөт.

Лоттор боюнча жалпы маалымат:
Аймактын жалпы аянты – **6,5 гага** жакын

Баланс кармоочу: Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Ала Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы

Аукционго **49 лот** – аянты **216 кв.мдан** **15 660 кв.мга** чейинки жер тилкелери коюлат.

Лоттордун баштапкы баасы – **3 067 200 сомдон** **336 960 000 сомго** чейин.
Курулуш объектисин пайдаланууга берүү мөөнөтү – сатып алуучунун жер тилкесине менчик укугун каттоо күнүнөн тартып **2 жыл**.
Ар бир жер тилкеси боюнча төмөнкүлөр бар:
🔹- укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер;
🔹- бекитилген план;
🔹- өздөштүрүү шарттарынын тизмеси;
🔹- рыноктук наркынын көз карандысыз баалоосу;
🔹- кыймылсыз мүлк бирдигинде оорчулуктардын жана чектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө маалымкат.

Жер тилкелерин сатуу жана бүтүмдөрдү тариздөө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы **№166 ПЖ** «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы **№63** «Өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы **№326** токтомуна «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы **№486-р** тескемесине ылайык жүргүзүлөт.

Жер тилкелерин өздөштүрүү шарттары (архитектуралык жана техникалык талаптар, инженердик инфраструктурага кошуу шарттары, экологиялык жана санитардык талаптар, жашылдандыруу боюнча милдеттенмелер, социалдык жана экономикалык милдеттенмелер, башка шарттар) жөнүндө толук маалымат https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында жайгаштырылган.

Аукциондун катышуучулары баланс кармоочу менен биргеликте аукционго коюлуп жаткан жер тилкесин текшерип көрө алышат.

Аукциондорду өткөрүү орду жана датасы:
Аукцион **онлайн** режиминде https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында өткөрүлөт.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун башталышы: **2025-жылдын 18-июну, саат 17:00.**

Аукциондорду өткөрүү датасы: **2025-жылдын 15-июлунан 18-июлуна чейин**

Аукционго катышуу үчүн талапкерлер https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында катталып, төмөнкү документтерди жүктөшү керек:
1) уставдык капиталда чет элдик жарандыктын же чет элдик катышуунун бар экендиги жөнүндө маалыматтарды камтыган аукционго катышуу өтүнмөсү;
2) кепилдик төгүмүн төлөгөндүгүн тастыктаган төлөм документинин көчүрмөсү;
3) инсандыгын тастыктаган документ.

Юридикалык жактар кошумча түрдө төмөнкүлөрдү беришет:
🔹- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
🔹- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого укуктуу өкүлдүн атына берилген ишеним кат.

Эгерде өтүнмө талапкердин өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан иш-аракет кылууга укуктуу адам тарабынан берилген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат талап кылынат.
Документтер санариптик форматта берилиши мүмкүн.

Кепилдик төгүмүн төлөө шарттары:
Аукционго катышуу үчүн талапкер кепилдик төгүмүн төлөйт. Кепилдик төгүмүнүн өлчөмү лоттун баштапкы наркынын **10 пайызы** өлчөмүндө аныкталат.

Ар бир лот боюнча кепилдик төгүмүнүн өлчөмү жөнүндө толук маалымат https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасында жайгаштырылган.

Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн:
Аукционду жеңип алган чет өлкөлүк жактарга жер тилкелери Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-беренесинде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен **49 жылга** чейинки мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу шарттарында берилет.

Лоттор боюнча толук маалымат alatooresort.kg жана https://auctionetp.gov.kg сайттарында жайгаштырылган.

Аукционго катышуу үчүн https://auctionetp.gov.kg шилтемеси аркылуу өтүү керек.

Маалымдама телефондору:
Электрондук соода аянтчасына катталуу жана аукционду өткөрүү маселелери боюнча:
0312 61 41 79, 0557 337723, 0312 614159, 0554660014;

Жер тилкелери жана «Бардык мезгилдер үчүн арналган «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоору боюнча:
0558008070, 0700482676

ЖМК үчүн: 0709 787 008 Айжан Омолдошова

артка

Билдирүү жөнөтүү