21.10.2025
«Ала-Тоо Резорт» курорту тууралуу макала эл аралык Travel + Leisure басылмасында жарык көрөт
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов дүйнөгө белгилүү америкалык Travel + Leisure журналынын Борбордук Азия боюнча башкы редактору Барно Икрамова менен жолугушту.
1937-жылы негизделген Travel + Leisure журналы туризм индустриясындагы эң абройлуу басылмалардын бири. Анын барактарында люкс курорттордон тартып дүйнөнүн жашыруун асыл таштарына чейинки эксклюзивдүү репортаждар жарыяланат.
Журнал жакынкы ноябрь айындагы санында Кыргызстанда мамлекеттик мааниге ээ болгон «Ала-Тоо Резорт» курорту тууралуу материал даярдоону пландаштырууда.
Жолугушуу учурунда Жаркынбек Максутов дүйнө жүзү боюнча миллиондогон саякатчыларды бириктирген глобалдык медиа платформанын өкүлдөрүнө масштабдуу долбоор жана анын максаттары тууралуу кеңири айтып берди.
Белгилей кетсек, Travel + Leisure басылмасынын миссиясы Борбордук Азиянын байлыгын дүйнөгө көрсөтүү жана бул аймакты эл аралык саякатчылар үчүн ого бетер жагымдуу кылуу. Журнал жергиликтүү салттарды дүйнөлүк тенденциялар менен айкалыштыруу аркылуу аймактын маданий мурасын, заманбап жашоо образын жана туруктуу туризм келечегин чагылдырат.
артка