08.08.2025
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда ири масштабдагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна старт берди
Кыргыз Республикасынын Президенти **Садыр Жапаров** бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна **капсула салуу** аземине катышты.
Иш-чаранын алдында чакырылган конокторго видеоролик жана театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» жөн гана туристтик комплекс эмес, **улуттук экономиканын** өнүгүшүнө олуттуу салым кошо турган, **регионалдык өнүгүүгө** жаңы дем бере турган, **кыргыз жаратылышынын кооздугун** даңазалап, өлкөнүн **маданий мурастарын** эл аралык деңгээлге көтөрө турган **масштабдуу долбоор** экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы бул долбоор **Борбордук Азиядагы эң ири** эл аралык деңгээлдеги **жыл бою иштөөчү тоо-лыжа** жана **экотуристтик кластер** болоруна ишенимин билдирди. Биринчи этапта ал **Жыргалаң, Боз-Учук** жана **Ак-Булак** аймактарын камтыйт жана азырынча Ысык-Көл өрөөнүнүн тургундарына гана белгилүү. Бирок келечекте ишке ашырылышы менен «Ала-Тоо Резорт» дүйнөлүк маанидеги туристтик багытка айланат.
Садыр Жапаров билдиргендей, жакынкы аралыкта **Караколдон** тоо-лыжа комплексине чейинки **төрт тилкелүү жолдун** курулушу башталат. Келерки жылдын күзүнө чейин жол толугу менен асфальтталып, бул аймакка жеткирилет деп пландалууда. Мындан тышкары, **Каракол аэропортунан** бул жерге чейин **вертолеттук каттам** жолго коюлуп, өлкө жарандарына да, чет элдик туристтерге да ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Президент бул — өлкө тарыхында **ушундай масштабдуу туристтик долбоорду** ишке ашырууга жасалган **биринчи аракет** экенин, аны түзүүгө жарандар көптөн бери чакырып келгенин, бирок ушул убакка чейин конкреттүү кадамдар жасалбаганын белгиледи.
Садыр Жапаров курулуш аяктагандан кийин долбоордун алкагында болжол менен **250 километр лыжа трассалары** салынарын, узундугу **4 километр** болгон **заманбап асма жолдор** орнотуларын, **4 миң унаа токтотуучу орун** жабдыларын, **этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору** жана **мейманканалар** куруларын билдирди. Курорт жылына **эки миллионго** чейин туристти кабыл ала алат, ал эми туруктуу жумуш орундарынын саны **беш миңге** жакын болот.
Президент бул долбоор жергиликтүү калк үчүн **туруктуу киреше булагы**, жаштардын өз өлкөсүндө калып, өнүгүүсүнө стимул, ошондой эле жүздөгөн үй-бүлө үчүн **татыктуу жашоонун негизи** болорун баса белгиледи. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын **15-18-июлунда Жыргалаңдагы** туристтик шаарчаны курууга арналган **49 жер тилкеси** ачык аукционго коюлуп, алардын **14үнүн** ээлери аныкталганын эске салды. Өзгөчө кубандырганы, жеңүүчүлөр **Кыргызстандыктар** болуп, өз өлкөсүнүн келечегине жогорку **жарандык позицияны** жана **ишенимди** көрсөтүшкөн.
Ошону менен бирге, курулуш **эл аралык экологиялык стандарттарды** сактоо менен жүргүзүлөт. Жаратылыш жана жасалма кардын аркасында курорт жылына **жети айга чейин** иштей алат. Келерки жылы долбоордун **биринчи фазасын** ишке киргизүү пландалып, **декабрь** айында Жыргалаңда **тоо-лыжа зонасы** иштей баштайт. Курорт чет элдик туристтерди да, биздин өлкөнүн жарандарын да кабыл алууга даяр болот.
Жыйынтыктап айтканда, Садыр Жапаров **экономика** менен **экология** гармониялуу айкалышкан, адам **таза жаратылыш** менен ички байланышты таба ала турган **заманбап курорт** түзүлөрүн белгиледи.
Президент бардык кыргызстандыктарды күч-аракетти бириктирип, «Ала-Тоо Резортту» чыныгы **улуттук долбоорго** — **жаратылышка болгон урматтоонун, эл биримдигинин жана Кыргызстандын жаркын келечегине умтулуунун символуна** айлантууга чакырды.
Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров мейманканаларды жана туристтик объектилерди куруу боюнча долбоорлор ишке ашырыла турган жер тилкелерине **жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды** тапшырды.
артка