29.04.2026
«Ала-Тоо Резорт» аукциондун үчүнчү, жыйынтыктоочу этабын жарыялайт

«Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» курорттук аймагын ишке ашыруунун алкагында жер участокторунун аукционунун үчүнчү, жыйынтыктоочу этабы башталганын жарыялайт.
Аукционго «Жыргалаң» курортунун аймагында туристтик жана инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн арналган 19 лот коюлду. Бул участоктордо ар түрдүү категориядагы мейманканалар, апартаменттер жана ресторандар куруу каралган.
Аукционго катышуу шарттары тууралуу толук маалымат «Ала-Тоо Резорт» ААКнын расмий сайтында жана ачык маалымат булактарында жеткиликтүү.
Аукцион онлайн форматта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин электрондук соода аянтчасында өткөрүлөт: https://auctionetp.gov.kg
Катышууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор, курулуш компанияларынын өкүлдөрү, туризм жана мейманкана бизнесиндеги ишкерлер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар чакырылат.
Мурунку эки этаптын жыйынтыгы боюнча аукционго коюлган 50 лоттун 31и ийгиликтүү сатылып, бул долбоорго инвесторлордун жогорку кызыгуусун жана суроо-талаптын жогору экенин көрсөтөт.
«Ала-Тоо Резорт» долбоору Борбордук Азиядагы ири туристтик долбоорлордун бири болуп саналат жана туризм тармагын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Байланыш үчүн:
«Ала-Тоо Резорт» ААК
🔹+996 555 120 688 — Калиев Фархад
🔹+996 700 482 676 — Чолпонбаев Аскат
ЖМК үчүн:
🔹+996 999 883 488 — Бермет Курманбекова
Катталуу жана аукцион боюнча суроолор:
🔹+996 990 997 701 — Бердигулов Нурбек
🔹+996 557 810 182 — Шарипов Темирлан
🔹+996 312 61-36-52 / 61-41-59 / 614077
Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз — онлайн аукционго катышуу оңой жана ачык!
артка