22.12.2025
2026-жылдын 15-16-17- январь күндөрү “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге, фрирайд боюнча турнир өткөрөт.
2026-жылдын 15-16-17- январь күндөрү “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге, фрирайд боюнча турнир өткөрөт.
15-январь күнү даярдык катары Каракол лыжа базасында ар кандай машыгуулар жана коопсуздук боюнча окуутуулар өтөт. Ал эми 16-январь күнкү негизги мелдеш “Ала-Тоо Резорт” баардык сезондуу курорт курулуп жаткан аймакта болот.
Турнирге Кыргызстандык өкүлдөр менен катар эле 20 га чукул мамлекеттен келген лыжа сүйүүчүлөр:
• жаңы үйрөнчүктөр,
• кесипкөй лыжачылар,
•аялдар арасында категорияларында күч сынашат.
Негизги максат: Кыргызстанды эл аралык кышкы туризм багыты катары
жайылтуу жана мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү. Ошондой эле экстремалдык спортту өнүктүрүү жана эл аралык жана
жергиликтүү спортчулар үчүн тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү.
Лыжачылар жана сноубордчулар жарышына кош келиңиз!
артка