20.10.2025
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы ратрак операторлорунун ондон ашык адисин Алтай Республикасындагы «Манжерок» курортуна окууга жөнөттү.
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутовдун демилгеси менен жана «Манжерок» курортунун жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул макулдашуунун алкагында, ачык жарыялоо жана маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча тандалып алынган адистер Алтайда кар баскан жолдорду жана тоо-лыжа трассаларын даярдоо үчүн колдонулуучу ратрак-техникасын башкаруу боюнча окуудан өтүп жатышат. Биринчи этапта алар кар тракторлорун башкаруунун теориялык негиздерин үйрөнүшөт.
Кийинки жылдын февраль айында топ практикалык окууга жөнөтүлүп, анда катышуучулар техниканы башкарууну жана лыжа трассаларын даярдоо процессин өздөштүрүшөт. Белгилей кетсек, Кыргызстандын тоолуу аймактарында тоо-лыжа курорттору бар болгонуна карабастан, буга чейин кар тазалоо үчүн чакан гана техникалар колдонулуп келген.
Ал эми курулуп жаткан «Ала-Тоо Резорт» курорту Борбордук Азиядагы эң ири бардык сезондук эс алуу аймагы болуп, тоо-лыжа трассаларын даярдоо үчүн биринчи жолу гусеницалуу техниканы — ратрактарды — колдоно баштайт.
артка