21.09.2025
«Ала-Тоо Резорт» курортундагы асма жолдун курулуш иштери октябрь айында толугу менен аяктайт.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» комплексинин аймагындагы асма жолдун курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Белгилүү болгондой, буга чейин асма жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер катары таанылган, ошондой эле Борбордук Азиядагы ири курорттук долбоорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирген **австриялык компания** менен келишим түзүлгөн.
Учурда чет элдик инженерлер асма жолдун таянычтарынын **фундаменттерин куюу** иштерин дээрлик аяктады. Ошол эле учурда кийинки курулуш иштерине керектүү арматурадан **металл конструкциялары** даярдалууда. Жалпысынан асма жолдун узундугу **4 км** түзүп, эки бөлүктөн турат: **биринчи бөлүгү** – **1713 метр**, анда **12 таяныч** жана **2 станция** орнотулат; **экинчи бөлүгү** – **2235 метр**, **14 таяныч** жана **2 станция** менен.
артка