10.09.2025
«Ала-Тоо Резорт» курортуна тиешелүү башкы **5 жылдыздуу мейманкананын** котлованын казуу башталды.
Жалпы аянты **156,6 сотыхты** түзгөн ири объектинин чек аралары «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы тарабынан 2025-жылдын 6-сентябрында такталган. Эми жакынкы аралыкта Ак-Суу районунун **Жыргалаң чокусунун** аймагында башка мейманканалардын, **VIP-коттедждердин** жана **модулдук үйлөрдүн** курулушу башталат.
Эскерте кетсек, июль айында аукционго коюлган **49 лоттун** ичинен **14 лоттун** жеңүүчүлөрү аныкталган. Мунун бардыгын **жергиликтүү инвесторлор** утуп алышкан.
Учурда курорттун аймагында **асма жолдун** курулушу да жүрүп жатат, **таянычтардын фундаменттери** толугу менен куюлган. Ошол эле учурда **жолдорду** жана **суу менен камсыздоо** жана **тазалоочу курулмалардын** объектилерин куруу уланууда.
артка