19.03.2026

«Ала-Тоо Резорт: Аукциондун экинчи этабы башталды!»

«Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында курулуп жаткан «Ала-Тоо Резорт» ири курорттук комплекстин алгачкы этабында курула турган объектилердин жер участоктору боюнча аукциондун экинчи этабын жарыялады.

Аукциондо курулушу жүрүп жаткан «Жыргалаң» курортунун шаарчасы жайгаша турган аймактагы курортту өнүктүрүү үчүн зарыл болгон туристтик жана инфраструктуралык объекттерди камтыган 36 лот коюлду. Бул жерге 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно шаарча, ресторандар, кафелер жана башка коммерциялык объектилер курулат.

Бардык катышуучулар үчүн аукционго катышуу боюнча маалымат жана талаптар «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коомунун расмий сайтында жана ачык маалымат булактарында жеткиликтүү.

Аукцион ачык жана онлайн режимде өткөрүлөт. Ага жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор, курулуш компанияларынын өкүлдөрү, туризм жана мейманкана тармагындагы ишкерлер, мамлекеттик сатып алууларга катышууну каалаган тараптар, ошондой эле башка юридикалык жана физикалык жактар катыша алышат.

Айта кетсек, июль айында өткөн аукциондо коюлган 49 лоттун ичинен 14 лоттун жеңүүчүлөрү аныкталган. Алардын арасында негизги 5 жылдыздуу отелдер, Скандинавия стилиндеги мейманканалар, VIP-коттедждер, этно шаарчадагы үйлөр сыяктуу объектилер бар. Бул лоттордун баарын жергиликтүү инвесторлор утуп алышкан.

Кийинчерээк «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунун курулушун баштоо үчүн объектилердин чек аралары такталып, жер тилкелерине атайын казыктар кагылган. Инвесторлорго жер участокторунун кызыл китептери тапшырылып, айрым объектилердин курулушу дароо эле башталган.

«Ала-Тоо Резорт» долбоору Борбор Азиядагы эң ири тоо-лыжа жана эс алуу комплекстеринин бири катары пландалып, региондогу туризмди өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Аукциондор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин электрондук соода аянтчасынын базасында https://auctionetp.gov.kg расмий сайтында өткөрүлөт.

Аукционго катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

🔹- уставдык капиталда чет өлкөлүк жарандардын же чет өлкөлүк катышуунун бар экендиги тууралуу маалыматты камтыган аукционго катышуу боюнча өтүнмө;
🔹- кепилдик төгүмдүн киргизилгендигин тастыктаган төлөм документинин көчүрмөсү;
🔹- инсандыгын ырастоочу документ (өтүнмө берүүдө талапкер тарабынан жеке көрсөтүлөт)


Юридикалык жактар кошумча төмөнкү документтерди көрсөтүшөт:

🔹- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
🔹- юридикалык жактын атынан иш алып барууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укуктуу өкүлгө берилген ишеним кат.
Эгер өтүнмө талапкердин өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан аракеттенүүгө укук берген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат талап кылынат.

Документтер санарип форматта тапшырылышы мүмкүн. Ошондой эле башка мамлекеттик органдардан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан документтерди алуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, алар «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилиши мүмкүн.

Жер участогун өздөштүрүүнүн шарттарына жана улуттук инвестициялык же мамлекеттик маанидеги долбоорлордун өзгөчөлүктөрүнө жараша комиссия инвестордун финансылык абалын жана долбоордун финансылык туруктуулугун тастыктаган кошумча документтерди талап кылууга укуктуу. Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугун тастыктаган маалыматтарды, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин же бизнес-планды берүү талап кылынат.

Аукционго катышууга талапкерлер аукционго коюлуп жаткан жер участогун баланс кармоочу менен биргеликте барып көрүүгө укуктуу.

Аукционго катышуу үчүн талапкер кепилдик төгүм киргизет.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-статьясынын 10 жана 11-пункттарында белгиленген чет өлкөлүк жактардын аныктамасына туура келген аукциондун жеңүүчүлөрүнө жер участоктору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-статьясында каралган чектөөлөрдү эске алуу менен 49 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдалануу укугу менен берилет.

Аукционго катышууну каалагандар
🔹- https://alatooresort.kg
🔹- https://mammulk.gov.kg
сайттары аркылуу толук маалымат ала алышат.

Маалымат үчүн

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында «Ала-Тоо Резорт» комплексин куруу үчүн КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылы 2-августтагы токтомдору менен «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасына 3916 гектар жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.

Президенттин Иш башкармалыгынын карамагындагы «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулуп, «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому болуп түзүлгөн. Анын 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык. Жаңы түзүлгөн ачык акционердик коом мурдагы ишкананын укуктук мураскери болуп саналат.

«Ала-Тоо Резорт» долбоору Кыргызстандын Борбор Азиядагы эң ири тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча амбициялуу демилге болуп саналат. Долбоор үч негизги курортту камтыйт:

🔹- «Жыргалаң» (1624,66 га):

120 км тоо-лыжа трассалары, 5-4-3 жылдыздуу мейманканалар, коттедждер, глэмпингдер, SPA-комплекс, этно шаарча жана конференц-залдары бар эң ири курорт.


🔹- «Ак-Булак» (945,92 га):

80 км тоо-лыжа трассалары, 3–4 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, хостелдер, маданий иш-чараларды өткөрүүгө аянтча, стадион, окуу корпусу, фрирайд борбору, ресторандар, зиплайн, альп-борбор жана амфитеатр жайгашкан шаарча.


🔹- «Боз-Учук» (1345 га):

50 км тоо-лыжа трассалары, 3–4–5 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, медициналык борбор, SPA-комплекс, балдар оюн аянтчалары, ат менен сейилдөөчү жайлар, ресторандар жана бутиктери бар үй-бүлөлүк курорт.


Мындан тышкары 4000 унаа токтотуучу жай, курорттордун ортосунда жаңы жолдор жана туристтер үчүн ыңгайлуу инфраструктура түзүлөт.

Курорт 4 мезгилде тең иштейт. Табигый кар жана кар жасоочу системалардын жардамы менен лыжа тебүү мезгили жылына 7 айга чейин узартылат. Курулуш иштери жаратылышка минималдуу таасир тийгизип, эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.

«Ала-Тоо Резорт» долбоору дүйнөнүн ар кайсы бурчунан туристтерди тартуу менен тоо-лыжа туризминин маанилүү борборуна айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле долбоор аймактагы инфраструктураны өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Өткөн жылы долбоор ишке ашырылып жаткан аймакта объектилерди жана жолдорду куруу, электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле асма аркан жолдорду, суу топтоочу жана тазалоочу курулмаларды, эки подстанцияны куруу боюнча даярдык иштери аяктаган.

«Ала-Тоо Резорт» туристтик борборунун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландаштырылууда. Бул убакытка чейин бир нече чакырым асма аркан жолдор курулуп бүтөт.

Планга ылайык, үч курортту кошкондо жалпы узундугу 250 кмге жакын лыжа трассалары курулат.

Долбоор толугу менен ишке ашкандан кийин 7000ге жакын жумуш орду түзүлөт. Курорттор жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.

Долбоорду ишке ашырууну жеке көзөмөлүнө алган Президент Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн туризмин жана экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп келет. Ошондой эле тоо-лыжа кластерин түзүү чет элдик инвестицияларды тартууга, калктын иш менен камсыз болушун жогорулатууга жана Кыргызстандын дүйнөлүк туристтик рыноктогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленген.


артка