7.02.2025
«Кыргыз Куршевель» МИси жана КТУ «Манас» туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоо боюнча меморандумга кол коюшту
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Макулдашуу «Үч чоку» тоо лыжа кластери үчүн адистерди биргеликте даярдоого, алардын кесиптик окутуусун, квалификациясын жогорулатууну жана жергиликтүү кадрларды туризм чөйрөсүнө тартууга багытталган.
Кызматташтыктын алкагында тараптар курортторду башкаруу, асма жолдорду инженердик жактан камсыздоо, спорттук менеджмент, суу менен камсыздоо жана тазалоочу курулмалар чөйрөсүндө адистерди даярдоого багытталган билим берүү программаларын иштеп чыгуу жөнүндө макулдашышты.
Ошондой эле, кесиптик кайра даярдоо курстарын, стажировкаларды жана академиялык алмашууларды уюштуруу, билим берүү процессине эл аралык эксперттерди тартуу пландаштырылууда.
артка