20.01.2026
«Ала-Тоо Резорт» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов Дүйнөлүк банктын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Мамлекет жана мамлекет башчысы Садыр Жапаров колдоого алган “Ала-Тоo Резорт” тоо-лыжа курорту тууралуу кенен маалымат берген Ж.Максутов, ири курорт жайгашкан аймактын жана долбоордун уникалдуулугун айтып берди. Кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү даярдалган башкы пландын өзгөчөлүгүнө токтолуп, асма аркан жолдун курулушу тууралуу бир катар суроолорго жооп алышты. “Ала-Тоо Резорт” долбоору Борбор Азиядагы эң ири тоо-лыжа жана эс алуу комплекстеринин бири катары пландалып, региондогу туризмди өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталгандыктан, Тодор Милчевски апта соңунда курорт курулуп жаткан аймакты жеринен барып көрмөй болду.
Айта кетсек, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук зонанын алгачкы этабында курула турган обьектилердин жер участокторуна аукциондун биринчи этабы июль айында өтүп, 14 лотту жергиликтүү инвесторлор уткан эле.
Экинчии этабы жакынкы күндөрү жарыяланып, дагы 35 лот аукционго чыгарылат. 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер жана VIP-котедждер, этно шаарча, ресторандар, кафелер жана башка коммерциялык обьектилер курула турган жер участоктору коюлган аукциондон чет элдик жаран ута турган болсо анда 49 жылга ижарага берилет. Ал эми жергиликтүү инвесторлор утушка ээ болсо аларга жеке менчикке өткөрүлүп берилет.
Аукцион ачык жана онлайн режимде болот. Ага жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор, курулуш компаниянын өкүлдөрү, туризм жана мейманкана тармагынын ишкерлери, мамлекеттик сатып алууларга катышууну каалаган тараптар ж.б. юридикалык жана физикалык жактар катыша алышат.
артка