Түз эфир

11.12.2025

“Ала – Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы эн белгисин (логотип) өзгөрттү.

Маалымдалгандай ноябрь айында ишкана Кыргызстандын улуттук маданий жана табияттык баалуулуктарын, тоолордун рухун, Ысык-Көлдүн тазалыгын, туруктуу туризм концепциясын таасирдүү чагылдырган логотип иштеп чыгууга конкурс жарыялаган. Ага сүрөтчүлөр, архитекторлор, дизайн-студияларды кошкондо 10 дон ашык кесипкөй дизайнерлер катышып, жыйынтыгында Байбеков Алишер сунуштаган логотип жактырылды.

Бекитилген эн белгиде Кыргыз Республикасынын улуттук символу болгон ак илбирс менен кошо бийик тоолор чагылдырылып, төрт мезгилге ылайык элементтер жана заманбап, таасирдүү визуалдык символ камтылган.



артка

Билдирүү жөнөтүү