Түз эфир

04.12.2025

“Ала-Тоо Резорт” курортундагы асма аркан жолду куруу иштеринде колдонулуп жаткан бетондордун сапаты текшерилди.

“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы тарабынан коюлган талаптарга ылайыл, Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында “Ала-Тоо Резорт” курорту курулуп жаткан жерге барышты.

Анда адистер асма аркан жолдун курулушуна колдонулуп жаткан бетонду ар тараптан тиешелүү сыноодон өткөрүп, текшерип чыкты.

“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын негизги максаты курулуп жаткан жана курула турган бардык объектилердин коопсуздук талаптарга шайкеш келтирүү жана эл аралык стандарттарга жооп бере турган курулуштарды жүргүзүү.

Атайын адистердин текшерүүсүнүн жыйынтыгы бир апта аралыгында чыгарылат. Мындай текшерүүлөр бардык оъектилерди курууда этап-этабы менен жүргүзүлүп турат.



артка

Билдирүү жөнөтүү