31.10.2025
Кыргызстан менен Австрияны бириктирген тоо ландшафттары
Кыргызстан менен Австрияны бириктирген тоо ландшафттары акыркы жылдары экология, тоо-кен өнөр жайы, тоо туризми, спорт жана альпинизм тармактарында туруктуу өнүгүү боюнча демилгелерди биргелешип ишке ашырууга негиз болуп келет.
Бул тажрыйбаны тереңирээк изилдөө максатында Президенттин Администрация жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев баштаган Кыргызстандан келген делегация Австрияга барды.
Иш сапардын жүрүшүндө Doppelmayr/Garaventa Group компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы Михаэль Доппельмайер менен жолугушуу болуп, анда Ысык-Көл облусундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринде асма жолду куруу долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, курулуш графигин сактоонун жана аткарылып жаткан иштердин жогорку сапатын камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Андан соң делегациянын өкүлдөрү Skidata GmbH компаниясына барып, компаниянын электрондук башкаруу системалары, жабдуулары жана техникалык чечимдери менен таанышышты. Snow Space тоо-лыжа курортуна баруу учурунда курорттун башкаруучусу – Кыргыз Республикасынын Зальцбург федералдык жериндеги (Австрия) ардактуу консулу Вольфганг Хеттеггер менен жолугушуу болуп өттү. Делегация курортто колдонулуп жаткан инфраструктуралык чечимдер, башкаруу жана окутуу системалары менен таанышып, инструкторлорду даярдоо процесси тууралуу маалымат алды.
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максутов белгилегендей, алынган тажрыйба «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа комплексине ушул сыяктуу компоненттерди киргизүү үчүн маанилүү стимул болот. Мындан тышкары, жасалма кар жаадыруу системаларын өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер болгон TechnoAlpin компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү. Тараптар мындай системалардын кол менен башкарылуучу жана толук автоматташтырылган варианттарын колдонууну талкуулашты.
Ошондой эле Австриянын каржы министринин орун басары Андреас Райххардт менен жолугушуу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ноябрга пландаштырылган А. Райххардт баштаган Австрия делегациясынын Кыргызстанга боло турган сапары талкууланды. Иш сапардын алкагында 2024-жылдын ноябрь айында Венада кол коюлган меморандумдарды ишке ашыруу боюнча жумушчу топтордун биринчи жыйыны өтөт.
артка