10.10.2025
Стамбулдагы жолугушууда «Ала-Тоо Резорт» курорту талкууланды.
Түркиянын борборунда кыргыз-түрк ишкерлеринин көчмө жыйыны болуп өттү, ага «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынын директору **Жаркынбек Максутов** катышты. Эки өлкөнүн алдыңкы курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышкан иш-чарада Борбордук Азиядагы ири туристтик комплекстердин бири боло турган «Ала-Тоо Резорт» курортунун кеңири **презентациясы** өткөрүлдү.
Жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор үч этаптан турган долбоорго **кызыгуусун** билдирип, чоң туристтик потенциалга ээ тоо-лыжа кластерин ишке ашыруу боюнча **биргелешкен кадамдардын** зарылдыгын баса белгилешти.
2025-жылдын октябрь айынын орто ченинде бир нече түрк компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанга келүү ниетин билдиришти. Алар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына барып, «Ала-Тоо Резорт» курорту курула турган **Жыргалаңдагы аймакты жеринен көрүп чыгууну** пландаштырууда. Белгилей кетсек, ишкерлердин көчмө жыйынын Кыргызстандын Эл аралык куруучулар ассоциациясы уюштурган.
Иш-чарага ассоциациянын төрагасы **Айнура Сагын**, Соода-өнөр жай палатасынын президенти **Темир Сариев**, 20га жакын кыргыз курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана 10дон ашык түрк ишкерлери катышты.
артка