12.01.2026
“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы Кыргызстандагы кышкы спорттун түрлөрү боюнча бирикмелер менен чогуу иш алып барат.
Лыжа спорту боюнча федерациясынын, Спорттун кышкы түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын инструкторлор ассоциациясынын жана Биатлон Федерациясынын өкүлдөрү, ошондой эле Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар менен жолугушуу болду. Башкы максат Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук зонага инструктор, куткаруучу сыяктуу адистерди даярдоо жана башка инфратүзүмдүк өнүгүүлөр боюнча биргелешип иш алып баруу.
Алгач ишкананын директору Жаркынбек Максутов мамлекеттик макамга ээ болуп, мамлекет башчысынын көзөмөлү жана тапшырмасы менен курулушу башталган “Ала-Тоо Резорт” курортунун долбоору менен тааныштырып, 3 этап менен ишке ашырыла турган шаарчалар жана андагы лыжа трассалары боюнча толук маалымат берди.
Кезегинде кышкы спорттун түрлөрү боюнча бирикмелердин өкүлдөрү өз ара кызматташтык боюнча кызыктарлыгын билдиришип, коопсуздук инфраструктурасын күчөтүү, жаш спортчуларды даярдоо, машыктыруучуларды жана инструкторлорду окутуу, экологиялык жана туруктуу туризм принциптерин сактоо менен эл аралык мелдештерди жана фестивалдарды өткөрүү тууралуу сөз болду.
артка