Түз эфир

1.02.2025

«Үч Чоку» тоо лыжа кластеринин курулушу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө жыйыны өттү

«Үч Чоку» тоо лыжа кластеринин долбоорун ишке ашыруунун алкагында «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынын төрагалыгы астында тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө иштердин учурдагы абалына толук талдоо жүргүзүлдү, анын ичинде инженердик тармактардын, кирүүчү жолдордун, ошондой эле тоо лыжа жана туристтик инфраструктура объекттеринин инфраструктуралык даярдыгы маселелери каралды. Эл аралык экологиялык стандарттарды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жумушчу топтун мүчөлөрү курулуш аймагын карап чыгышып, алдыдагы иштердин техникалык жана уюштуруучулук аспектилерин изилдешти.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине — унаа жол инфраструктурасынын долбоордук-сметалык документтерин даярдоо иштерин тездетүү;

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине — тазалоочу курулмалардын жана ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоо иштерин тездетүү;

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине — кар көчкү коркунучу бар участокторду аныктоо, кар көчкү тосмолорун куруу боюнча тиешелүү документтерди иштеп чыгуу;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш агенттигине — «Жыргалаң» туристтик шаарчасынын инфраструктуралык объектилерин долбоорлоо иштерин тездетүү;

Ведомстволор аралык жумушчу топко жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө жума сайын актуалдуу маалымат берип туруу.

артка

Билдирүү жөнөтүү