01.04.2026

Ала-Тоо Резорт» ААК эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө

«Ала-Тоо Резорт» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов Франциянын Montagne et Neige Développement (MND) компаниясынын президенти Ксавье Галло-Лавалле менен жолугушту. MND — тоо-лыжа курорттору үчүн технологиялар жана инфраструктуралык чечимдер жаатындагы дүйнөлүк лидерлердин бири.

Жолугушууда Жаркынбек Максутов француз тарапка «Ала-Тоо Резорт» аттуу төрт мезгилдүү тоо кластеринин долбоорун тааныштырып, анын багыты, масштабы жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле заманбап туристтик инфраструктураны түзүү, инженердик чечимдерди киргизүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана курорттун туруктуу иштеши боюнча маселелер талкууланды.

Француз тарап долбоор менен таанышып чыгып, анын мүмкүнчүлүктөрүнө жана инвестициялык потенциалына кызыгуусун билдирди. Айрыкча жасалма кар системаларын колдонуу, кар көчкү коркунучун алдын алуу жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.

MND компаниясынын өкүлдөрү долбоорго катышууга кызыкдар экенин белгилеп, Кыргызстан тоо-лыжа туризмин өнүктүрүү үчүн келечектүү багыт экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантып, мүмкүн болгон кызматташтык багыттарын карап чыгууга макулдашышты.



артка