08.08.2025
Президент Садыр Жапаров Doppelmayr/Garaventa Group компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Михаэль Доппельмайер менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти **Садыр Жапаров** бүгүн, 8-августта, Doppelmayr/Garaventa Group компаниясынын башкармалыгынын төрагасы **Михаэль Доппельмайер** менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Эске салсак, бул австриялык-швейцариялык топ Чүй облусундагы «Ала-Арча» жаратылыш паркында жана Ысык-Көл облусундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринде **асма жолдун курулушу** боюнча долбоорду ишке ашырууда.
Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, **курулуш графиктерин** жана **иштердин жогорку сапатын** сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан объектилер өлкөнүн жашоочуларын да, чет элдик конокторду да өзүнө тарткан **маанилүү туристтик жайлар** болоруна ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Михаэль Доппельмайер көрсөтүлгөн **ишеним үчүн ыраазычылык** билдирип, компания Кыргызстан менен кызматташууну сыймык деп эсептей турганын жана долбоорлордун аткарылышын **эл аралык стандарттарга** ылайык жогорку деңгээлде камсыздоого даяр экенин баса белгиледи.
артка