30.01.2026
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы эми, 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар ачык акционердик коом катары расмий иш алып барууга өттү.

«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы Ачык акционердик коомго (ААК) айлануу процессин расмий түрдө аяктады. Бардык юридикалык жана каттоо жол-жоболору толук аткарылып, коом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өттү.
Кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык жүргүзүлүп, «Ала-Тоо Резорт» бардык мезгилде иштей турган тоо-туризм кластерин түзүү боюнча стратегиялык долбоорду ыкчам ишке ашырууга багытталган.
«Ала-Тоо Резорт» ААК мурдагы мамлекеттик ишкананын укуктук мураскери болуп саналат жана мамлекеттик менчик формасын сактайт — акциялардын 100 пайызы мамлекетке таандык. Коомдун уставы жана мүлктү өткөрүп берүү актысы бекитилди.
Ачык акционердик коом форматына өтүү долбоорду мындан ары өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана инфраструктураны натыйжалуу башкаруу үчүн ачык жана туруктуу уюштуруучулук-укуктук негизди түзөт.
«Ала-Тоо Резорт» долбоору туристтик тармактагы ири мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Ал Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Жыргалан», «Ак-Булак» жана «Боз-Учук» аймактарын камтыган ири тоо-лыжа кластерин түзүүнү көздөйт.
артка