Түз эфир

10.06.2025

«Ала-Тоо Резорт» алкагындагы инвестициялык долбоорлор үчүн мамлекеттик жер тилкелерин ажыратуу боюнча аукцион

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 токтомуна ылайык, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин ажыратуу тартиби бекитилди.

Бул механизмдин алкагында «Бардык мезгилдер үчүн арналган «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик долбоору юридикалык жана жеке жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлорго, мейманканаларды, ресторандарды жана туристтик инфраструктуранын кошумча объекттерин куруу үчүн жер тилкелерин аукциондо сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

📌 Негизги шарттар:
Аукцион ачык, айкын жана онлайн режиминде жеткиликтүү болот;
Ага ишканалар, чет элдик жана ата мекендик компаниялар, жеке инвесторлор катыша алышат;
Аукциондун жеңүүчүлөрү курулушту бүтүрүп, объектилерди келишим түзүлгөн учурдан тартып **2 жылдын** ичинде пайдаланууга киргизүүгө милдеттүү.

📢 Аукцион өткөрүү жөнүндө жарыя жакынкы күндөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жарыяланат. Бардык кызыкдар инвесторлорду жаңыртууларды көзөмөлдөөгө чакырабыз.

«Ала-Тоо Резорт» — бул туруктуу туризм, эл аралык кызматташтык жана экономикалык өсүш үчүн уникалдуу шарттарды түзгөн мамлекеттик маанидеги стратегиялык долбоор.

артка

Билдирүү жөнөтүү