03.04.2026
Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары «Ала-Тоо Резорт» долбооруна кызыгуу билдирди

«Ала-Тоо Резорт» ААКы 30дан ашуун жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана активисттери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда негизги көңүл «Ала-Тоо Резорт» долбооруна бурулуп, катышуучуларга курорттун кандай өнүгөрү, учурда жүргүзүлүп жаткан иштер жана бизнес үчүн ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жер тилкелерин сатуу боюнча аукциондун экинчи этабына катышуу мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү.

Диаспора өкүлдөрү диалогго активдүү катышып, инвестиция шарттары, бизнеске катышуу жолдору жана курорттун келечеги тууралуу суроолорун беришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар экинчи этаптагы аукционго потенциалдуу инвесторлорду жана ишкерлерди тартууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Белгиленгендей, «Ала-Тоо Резорт» долбоору чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, бизнес жүргүзүүгө жана өлкөдөгү ири туристтик долбоорлордун бирине катышууга шарт түзөт.
артка