29.01.2026
«Ала-Тоо» ААК: коопсуздук – эң башкы приоритет
Австриялык SkiMIS консалтинг компаниясынын жетекчиси, тоо лыжа туризминин дүйнөлүк эксперти Маттиас Шмид «Ала-Тоо Резорт» курортунын курулуш аянтында болуп, долбоордун жүрүшү менен таанышты.
Визиттин жүрүшүндө эксперт келечектеги курорттун аймагын карап чыгып, ландшафтты, трассалардын жайгашуусун жана негизги инфраструктуралык аймактарды баалады. Ал ошондой эле курулуп жаткан аркан жолдун абалын көрүп, тоонун башына көтөрүлүп, трассаларды курулушун карап, лыжа тепти. Маттиас Шмид Жыргалан тоосунун кооздугуна таң калганын жана курорттун чоң потенциалы бар экенин белгиледи. Эксперттин айтымында, биринчи кезекте курулуучу жаңы подъёмник аймагындагы башталгыч лыжа трассасы өзгөчө перспективдүү көрүнөт.
«Биз азыр жаңы подъёмниктин орто станциясындабыз. Бул жерде үйрөнчүктөр үчүн трасса курулуп жатат — алар бул жерде лыжа менен түшүүнүн негизги ыкмаларын жана техникаларын үйрөнө алышат. Трасса абдан жакшы көрүнөт. Келерки жылы бул жерден туристтерди көрүүнү жана курорттун иштеп башташын чыдамсыздык менен күтүп жатам», — деди Маттиас Шмид.
Эксперт курулуштун ылдамдыгын да жогору баалады. Мурунку сапарга салыштырмалуу, канаттуу жолдун баары ролик батареялары орнотулуп бүтүптүр, ошондой эле гараж курулушу дагы уланып жатат.
«Иштер жакшы жүрүп жатат. Кийинки этап — гондол кабиналары менен аркан жолунун отургучтарын жеткирүү. Келген эки жума ичинде электр энергиясы менен камсыздоо керек. Эгер баары пландагыдай болсо, апрель аягына чейин подъёмникти ишке киргизүүнү пландап жатабыз», — деп кошумчалады эксперт.
Маттиас Шмид долбоордо консультант катары иштеп, курортту дүйнөлүк стандарттарга ылайык долбоорду жүзөгө ашыруу көзөмөл жүргүзүүдө.
«Мен Австриядан келдим жана бул жерде Ала-Тоо резорттун консультанты болуп иштейм. Менин максатым — бул долбоорду колдоо жана жаңы, заманбап курортту калыптандырууга жардам берүү, ал Батыш стандарттарына ылайык иштеши керек. Бул жерде көрүп жаткан нерсебиз — Жыргалан тоосунда курулуп жаткан биринчи подъёмник», — деди эксперт.
SkiMIS компаниясынын катышуусу «Ала-Тоо Резорттун» дүйнөлүк стандарттарга ылайык өнүгүшүн, коноктордун коопсуздугуна, трассалардын сапатына жана бардык операциялык процесстердин эффективдүүлүгүнө кепилдик берет. Эгер эл аралык эксперттер аянтта иштесе — долбоордун коопсуздугу жана ийгилиги ишенимдүү колдо болот.
Справка
Мурда «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы Австриялык SkiMIS консалтинг компаниясы менен келишим түзгөн.
SkiMIS компаниясы заманбап туризмди өнүктүрүү жана иштетүү боюнча жеке консультацияларды берет. Жыл бою адистер борбордук Азиядагы эң ири тоо лыжа курортуна курулуш иштерин коштоп, трассаларды долбоорлоону, подъёмниктерди орнотууну, жасалма кар системаларын киргизүүнү, карды тазалоону жана кар көчкү коркунучун көзөмөлдөөнү уюштурушат ж.б.
артка