02.04.2026

Бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Соода-ѳнѳр жай палатасында «Ала-Тоо Резорт» долбоору жана аукцион лоттору тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасында «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алкагында өткөрүлө турган аукциондун экинчи этабына кызыккан жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жаткан төрт мезгилдүү тоо кластеринин долбоору кеңири тааныштырылды. Долбоор мамлекеттик мааниге ээ экени, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана жеке көзөмөлү алдында ишке ашып жатканы өзгөчө белгиленди.

Ишкерлерге курорттун концепциясы, масштабы жана ишке ашыруу этаптары тууралуу кеңири маалымат берилди. Катышуучулар башкы план, архитектуралык чечимдер жана эл аралык стандарттарга ылайык өнүгүп жаткан инфраструктура менен таанышышты.

Өзгөчө көңүл аукциондун экинчи этабына бурулду. Ал 8, 9 жана 10-апрелде өткөрүлөт. Жалпысынан 36 лот сунушталууда. Бул жер тилкелери 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканаларды, апартаменттерди, этношаарча, ресторандар менен кафелерди жана башка туристтик объекттерди курууга арналган.

Долбоордун өкүлдөрү аукционго катышуу шарттарын, арыз берүү тартибин, инвесторлорго коюлган талаптарды жана электрондук аукционду өткөрүү механизмин кеңири түшүндүрүштү. Ошондой эле чет элдик инвесторлор үчүн узак мөөнөткө пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган шарттар да айтылды.

Белгиленгендей, аукциондун биринчи этабы бизнес тарабынан жогорку кызыгуу жараткан — бир катар маанилүү объекттерди жергиликтүү инвесторлор сатып алышкан.

Жолугушуунун катышуучулары долбоордун инвестициялык мүмкүнчүлүгүн жогору баалап, аукционго катышууга кызыкдар экенин билдиришти. «Ала-Тоо Резорт» долбоору туризмди, бизнести жана аймактык экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары баса белгиленди.



артка