03.02.2026

Бардык иштерди өз убагында аткаруу - «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруудагы негизги артыкчылык

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси Азамат Кадыралиевдин протоколдук тапшырмаларын өз убагында аткаруу максатында «Ала-Тоо Резорт» долбоорун ишке ашыруунун этаптары боюнча онлайн-кеңешме өткөрүлдү.

Онлайн-кеңешмеге «Ала-Тоо Резорт» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, транспорт, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика министрликтеринин жана «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун транспорттук жана инженердик инфраструктурасынын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүүсү талкууланды. Айрыкча автожол тармагын куруу жана реконструкциялоо маселелери, анын ичинде Каракол – Жыргалаң унаа жолу, ошондой эле кошумча жана альтернативдүү жолдорду уюштуруу маселелери каралды.


Ошондой эле республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу жол жана инфраструктуралык иштерди каржылоо, каражаттарды максаттуу пайдалануу жана алардын өздөштүрүлүшү боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.


«Ак-Булак» жана «Боз-Учук» курорттук шаарчаларын электр энергиясы менен камсыздоо маселеси да көңүл чордонунда болду. Электр берүүчү линияларды жана көмөкчордондорду куруу боюнча так пландарды даярдоо, кабелдик линияларды тартуу, аба аркылуу өткөн электр линияларын жер астына өткөрүү жана асма аркан жолдорунун объекттерин электр тармагына кошуу зарылдыгы белгиленди.


Долбоорду ишке ашырууда коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө басым жасалды. Бул багытта инженердик-геологиялык, сейсмологиялык жана климаттык изилдөөлөрдү тездетүү, кар көчкү, сел жана жер көчкү коркунучтарын алдын алуу чараларын көрүү, ошондой эле авариялык-куткаруу, өрт өчүрүү жана тоо куткаруу бөлүктөрүн түзүү жана жабдуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, кар көчкү станциясын курууну жана метеорологиялык станцияны өз убагында орнотууну тездетүү зарылдыгы айтылды.


Андан тышкары, бетон жана асфальт заводдорун камтыган өндүрүштүк базаларды түзүү жана даярдык иштерин ыкчамдатуу маселелери тууралуу сөз болду.


Кеңешменин жыйынтыгында Жаркынбек Максутов ведомстволор аралык тыгыз кызматташуунун жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, «Жыргалаң» , «Ак-Булак» жана «Боз-Учук» объекттеринде коопсуздук, инженердик инфраструктураны өнүктүрүү жана бардык иштерди өз убагында аткаруу «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусунда негизги артыкчылык экенин баса белгиледи.



артка